ырлар

Мен кызганам

Ачыласың эрте жазда, Ноорузда,

Чачыласың ѳрүк гүлү жазында.

Кыздар ойноп гүлүң терип алганда,

Мен кызганам ѳрүк гүлү ачканда.

Коро байлап аласың сен, жалбырагың чыкканда,

Жашыл түскѳ оронгондо жазында.

Балдар ойноп коро жешип калганда,

Мен кызганам ѳрүк коро алганда.

 

Сары болуп алтын түскѳ киргенде,

Бышасың сен, мѳлтүрѳйсүң жайында.

Балдар терип ѳрүгүңдү жегенде,

Мен кызганам ѳрүк бышып калганда.

 

Жаз

Жаз келгенде жайнап турат кызгалдак,

Жердин бети жаңы түскѳ жашарат.

Булбул сайрап кѳңүлдү кѳккѳ кѳтѳрѳт,

Бул мезгилде майрамдар да кѳп болот.

Аксана Кеңешбаева,
№7 Нариманов атындагы мектептин 7-«В» классынын окуучусу

 

Эне-тилим

Аста секин ак барактын жанында,

Эне тил деп ой жүгүртѳм дайыма

Башка тилде булбул болуп сайрагын

Эне тилин  унуткан ал манкурт да!

Ѳз тилимде сүйлѳсѳм мен  кѳкѳлѳп,

Жар саламын эне тил деп ырдаймын

Кандай сонун баа жеткис байлык го

Эне тилсиз бир күн жашай албаймын.

Сүйлѳ тилим канат байла ааламга

Талыбагын таң калтыргын баарын да

Атак даңкың тарасын бүт дүйнѳгѳ

Эне тилим кыргыз деген калкым да!

Бекназар Исабек уулу,
Гагарин атындагы №17 гимназия мектебинин 11-классынын окуучусу

 

Энеме.

Оо энеке касиеттүү акылман,

Мээнет менен ѳстүрдүңүз  жашымдан ,

Ошондогу ошол мээнет, ак эмгек,

Ойлоп кѳрсѳм барктуу тура  алтындан.

 

Арнадыныз жашооңуздун жарымын ,

Камын кѳрүп  уул, небере баарынын ,

Татыктуусуз бүтпѳс чексиз мактоого ,

Биз тилейбиз ѳмүрүңүз узагын .

 

Эмгегиңиз эч нерсеге теңегис .

Мээримиңиз акылыңыз  ченемсиз ,

Багынттыңыз эмгек менен турмушту,

Бүт тоскоолду эмгек менен жеңдиңиз.

 

Акылмансыз, тендеши жок даанышман,

Сиз баатырсыз эмгеги кѳп баарынан,

Мээримиңиз жалындаган жүрѳктѳ,

Алыс кетсем мээримиңиз  сагынам .

 

Бар болуңуз, майрамыныз кут болсун,

Жаратканым узак ѳмүр буюрсун ,

Мындай жаштын кѳрүп дагы жарымын,

Урмат- сыйын кѳрүп дайым уул кыздын.

                                                     Адилет Ильяз уулу

Жаздын кѳркү-аял

Жаздын кѳркү-суу,

Жапжашыл айлана менен.

Күздүн кѳркү- мѳмѳ,

Саргайган жалбырак менен.

Кыштын кѳркү-аяз,

Ак тон кийген аппак кар менен.

А жаздын кѳркү назик,

Суйкайган аял менен!

 

Арнап койгон жаздын бир күнүн,

Атайын аял заты үчүн.

Жумшап койгон жаз да болгон күчүн,

Жалгыз гана назик аял үчүн!

 

Аял-бул жаздын кѳркү,

Айлананы назиктикке бѳлѳгѳн.

Аял-бул бейиш тѳрү,

Тозокко түшүрбѳстѳн жѳлѳгѳн…

 

Гүлнура Алмазбек кызы,
№52 «Ак-Тилек» мектебинин 9-«Б» классынын окуучусу

 

Биздин энелер

Ак пейилдүү асылзаада энелер,

Ак бешикке баарыбызды бѳлѳгѳн.

Канды дагы, дыйканды да, койчуну

Эне баккан, аялзаты тѳрѳгѳн.

 

Энелер жанып турган чыраксыңар,

Таптаза мѳлтүрѳгѳн булаксыңар.

Энелер ыйыктардын ыйыгысың,

Тунуксуң, тунуктун да тунугусуң.

 

Бийиксиң, аскадан да сен бийиксиң,

Жарыксың, ааламга нур чачып турган.

Үйүңдүн чырагысың, коломтосу,

Күнүсүң, жылуу нурду чачып турган.

 

Айпери Умурзакова,
№52 «Ак-Тилек» орто мектебинин 8-«В» классынын окуучусу

 

Терешковам

Бешенемди ачып турган тумарымсың,

Жүрѳгүмдѳ жанып турган чырагымсың.

Ата болуп, эне болуп  билим берген,

Терешковам сен менин ыйыгымсың

 

Тескери карабастан  кыйналганда,

Нан жегиздиң апам болуп Терешкова,

Үйрүлүп  жардам бердиң түйшүгүмдѳ,

Жаман бол,-деп айткан жоксуң Терешкова.

 

Билбесем энемдей аядың, үйрѳттүң,

Ыйласам, сыздасам кѳңүл бѳлдүң.

Сахнага алып чыгып бийлетип,

Ѳз кызыңдай  асырадың,  бѳпѳлѳдүң.

 

Сагынам бир ѳзүңдү Терешковам,

Кай жерде болсом да  унута албайм.

Кайра, кайра рахмат айткым келет,

Терешковам сен менен сыймыктанам.

 

Сен менин алтын уям, турагымсың,

Сен менин түндѳ жанган чырагымсың.

Сен мени максаттарга жетелеген,

Апамсың, кѳңүл бѳлүп тураарымсың.

 

Чынара МЫРЗАЕВА,
В.В.Терешкова атындагы №11 жатак мектебинин
7-«Б» классынын окуучусу

 

Кара булут

Тоо башында булуттар,

Түрмѳктѳлүп жѳнѳдү.

Капчыгайлар коюнун,

Күнгүрттүккѳ бѳлѳдү.

 

Кире качты жѳжѳлѳр,

Тѳѳ жалбырак астына.

Жашынбаска чара жок,

Жамгыр келсе шаштыра.

 

Икрам ТАВАКАЛОВ,
В.В.Терешкова атындагы №11 жатак мектебинин
4-«Б» классынын окуучусу

 

Балапан

Эх, балапан, балапан,

Кайда учуп барасың?

Кыш келгенде кылтыйып,

Жылуу жакка кайтасың.

 

Жаз келгенде  сагынып,

Келдиң кайра кармадым.

Кышты узатып, жаз тосуп,

Сайрап чыктың уядан.

 

Дарактарда чыйпылдап

Апаларын күтүшѳт.

Канат кагып чоңоюп,

Анан учуп  түшүшѳт.

 

Үпѳл АСИЛБЕК кызы,
В.В.Терешкова атындагыы №11 жатак мектебинин
6-«Б» классынын окуучусу

 

Апаке

Апаке дүйнѳдѳгү чырагымсыз,

Ааламдагы эң бийик бакытымсыз.

Сиз менин ѳмүрүмсүз, кѳңүлүмсүз,

Эч нерсеге теңдешсиз асылымсыз.

 

Алыстан сагынам,  кусаланып,

Себепсиз ызаланам, ыйлайм дайым.

Ѳрѳпкүп ѳзүмчѳ эле эстеп сизди,

Кѳзүмдѳн мѳлт-мѳлт агат тамчы  жашым.

 

Апаке, оорубаңыз, кайгырбаңыз,

Жадырап  кубаныңыз, ыйлабаңыз.

Апага тең дүйнѳдѳ жан бар бекен

Сиз менин   теңдешсиз асылымсыз

 

Жаркынай Шамиева,
В.В.Терешкова атындагы№11  жатак мектебинин
6-«А» классынын окуучусу

Бѳлүнбѳгүн кыргызым

Бѳлүнбѳгүн, кыргызым, бѳлүнбѳгүн,

Бѳксѳргѳндѳн бѳксѳрүп, тѳгүлбѳгүн.

Кѳсѳм чыкса ѳзүңдѳн бир адилиң,

Кѳмѳ чабып, кѳргѳ сүйрѳп кѳмүлбѳгүн.

 

Бѳлүнбѳгүн кыргызым, бѳлүнбѳгүн,

Бѳрү тыткан кой теридей сѳгүлбѳгүн.

Кѳз кѳрүнѳѳ сатып алып адалдыкты,

Кѳрѳ албастык кѳрүнѳ кѳмүлбѳгүн.

 

Бийик болгун, бай-кедейге бѳлүнбѳгүн,

Байлык, бийлик кол кири, тѳгүлбѳгүн.

Бѳлүнбѳгүн, кыргызым бѳлүнбѳгүн,

Бѳлүнүүдѳн пасайып, тѳмѳндѳдүң.

 

Араздашып, жети аймак жети жакка,

Жети жакка  тартышып чегинбегин.

Акырында азайып алдан тайып,

Араздашып, бѳлүнүүдѳн тѳмѳндѳдүң!

Бѳлүнбѳчү кыргызым, бѳлүнбѳгүн!

 

Айгиза Ботой кызы,
В.В.Терешкова атындагы жатак мектебинин
6-«Б» классынын

 

 

One comment to ырлар

  • mametnur  says:

    күмбөзүңө айланам

    бабалардын баскан жолун байырлап,
    балдарыма ырым дындей жайылмак.
    сактыгына кепыл болсун кыйынкы,
    салам десе кым елыме кайырмак.
    кайра өзүнүн таңдайына анткены,
    кан кыргыздын кылкандары сайылмак.

    үтүрүндө уктап жатып замандын,
    үйүп сабак көкүрөккө алам миң.
    тылек кылам жер- ааламдан жеты маал,
    тыйбесын деп калкыбызга жаман күн.
    алты жолу төрөлсөм да кыргыз де,
    анткены мен сенын кана балаңмын!

    жазып жатып өздүк рохтун негызын,
    чалкыганын сезем пейыл деңызым.
    кылымдардын ысымындай пирынын,
    кыргыз деген бир аталма мен үчүн.

    мендей илып, көтөрө алсаң тасирын,
    мылдетымдын ачкым келет саа сырын.
    келечекте жоого атылчуу жебесы,
    керме тоонун кере тарткан жаасымын.
    жанын атап калкы үчүн ант ычет,
    жаратканга азыр канча баатырың…?

    кыргыз елы өспөдү деп себепсыз,
    кандаш бырөө жүрөгүмө себет туз.
    уксун ошол:
    айткан сөзүң керексыз!
    оор өнөр жай елде озгур болсо да,
    ахлак жактан артта калган емесбыз!
    ел тил жактан дөбө болсо очойгон,
    биз тил жактан быйык, ашкыс белеспыз.
    өнөржайдан кыйын ашып түшөбүз,
    өсөөр мөрттү кудай бызге берет жүз!

    унутпагын, сыңар ойлуу кандашым,
    уруп жаным турат азыр далбасын.
    дептерыне чий бул ырды рохуңдун,
    десең кыргыз чындап артта калбасын!
    талтайганча узак кеттың олтуруп,
    талган чыгаар буга чейын жамбашың.
    өзгө елдер еелеп кете електе,
    өнөрүңдү кайра колго ал, бачым!

    биз кымдербыз?
    биз тукуму
    барысбектын, манастын!
    быздер кымбыз?
    былбегендер былек емес, жүрөгүмө карашсын!
    так ошондо туйуп жетет таабийатын алаштын.

    биз кымдербыз?
    биз урпагы баласагын жүсүптүн.
    жеты емес, жетмыш екы атамдын
    жыбере алам жыптей атын тизып тим.
    жүрөк кылын черткым келет чыйратып,
    жүргөн болсо учуктарын үзүп кым.

    биз кымдербыз?
    биз жееренче, толубайга небыре.
    быздер кымбыз?
    былгың келсе кебыме емес,
    салгын назар тегыме.
    талаш кылып жүрөт елдер уйалбай,
    тарыхым да,
    таанымымдын теңыне.

    ерен баатыр, жоомарт абам ысакбек…
    ажыбек бий, чолпонбайлар _ узак кеп.
    өз баштарын чек арага беттешкен,
    өзгө елден жүрсө дагы ушак жеп.
    ал анткендын былесыңбы себебын?
    ошентышкен кайран ерлер…
    баатыры жок чек араны баскынчылар бузат деп!

    биз кымдербыз?
    биз бабасы түрк атмайдын ааламдык.
    биздер кымбыз?
    белгысызбы кым екеның саган бүт?
    акмак неме!
    өз елынын нугун былбей жашоо, бул _
    нары жагы намыссыздык,
    беры жагы сараңдык!

    кызды көрүп
    етектеры тызесыне жетпеген,
    кыйналамын, еттерымды жеп келем.
    еркың билып дүнүйөнү,
    емне калды жетпеген?
    көздөрүңдө кайылсыздык нур жанат…
    көрсө,
    сены жүйөөсү жок айыптаган кептенем.
    кечыр, анда?
    таандык сага көз карашым бузулуп,
    тайып кеткен окшойм кокус тепкемен.

    жаңылыштын бызге таандык бүгүнкү,
    жанын кууруп, рохун мынча кажалайм.
    кыздык кылып тажасаңар угуудан,
    акын болуп мен айтуудан тажабайм!

    каныкей кым?
    айчүрөкчү, кыз сайкалчы, жаңыл кым?
    былсең кыздар өсөөр жолдон,
    өчөөр жолго жаңылдың.
    себеп тапсам асылтпаймын аскага,
    сезтемасы башка болуп жатсада,
    сенде бүткөн кпкызыл кан тамырдын.

    уйпаланып… ныкесы жок түнөсөң,
    уйкум качып, азап менен күрөшөм.
    түгөшүүмө туура келсе басымдан,
    сылерды аёо себебынен түгөшөм.
    мол ийманга чакырамын баарыңды,
    молдо болуп жатпасам да сүрөчөн…

    кыргыз туруп кыргыз болбой бирынчы,
    адам болом дегеныңе таң калам.
    оорагыңда елчылдык жыт болбосо,
    орденың да бокко тете сандаган.
    былыше албай кезегынде жүйөөмдү,
    былем мены далай курбум каргаган.
    каргышынан көзүм жумган күндө да,
    аны да ажал тепкен кезде
    калкалоого кадымкыдей _
    күмбөзүнө айланам.

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>