Мектеп окуучуларынын камкордугу

  Улуу Ата Мекендик согуштун  68 жылдыгына карата Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын демилгеси менен  Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жардам кѳрсѳтүү  боюнча мектептерде агитбригадалар түзүлүүдѳ. Мектеп окуучулары 20-апрелден баштап  ардагерлердин үйүнѳ барышып, аларга кандай жардам керек экендигин сурашып, үйлѳрүн, үйлѳрүнүн тегерегин жыйноого жардамдашышмакчы. Андан сырткары  мектеп жамааттары  ардагерлер үчүн  тамак-аш  топтошуп, жеткирип беришмекчи. Ош шаардык билим берүү башкармасынын жооптуу кызматкери Кутман Анарбаевдин билдирүүсүнѳ караганда  Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан  50  ардагер  камкордукка алынмакчы.

                                                            Диана Бекибаева

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>