Олимпиадада жеңишке жетээриме ишенген эмесмин

Бүгүнкү мейманыбыз Ош шаарындагы  Ю.Гагарин атындагы №17 гимназия мектебинин 11-классынын окуучусу  Даткайым  Ибраева  жакында республикалык олимпиадага катышып, биринчи  орунду жеңип кайтты.

-Даткайым, жеңишиң кут болсун! Олимпиадага каалагандын бардыгы эле катыша албайт эмеспи. Сен кантип катышып калдың, абдан тырышып  окуп жүрѳсүңбү, же кокустукпу?

– Бул жѳн эле болбойт деп ойлойм. Биринчиден ар дайым жакшы окуганга аракет кылам. Анан менин жѳндѳмүмѳ мугалимдер да ишеништи. Бул мени андан бетер  шыктандырды. 8-класстан баштап мени орус тилинен сабак берген эжекем даярдай баштады. 9-10-класстарда  олимпиадага катышып, аймактык  таймашта 2- орунду алып келгем. Анан быйыл 11-класста шаардык, аймактык олимпиадаларда жеңишке ээ болуп, республикалык олимпиадага катышып, 1-орунду жеңип келдим.

-Биринчи орунду багындырам деп ойлодуң беле?

-Жок. Албетте,  ичимден абдан каалагам, бирок ишене алган эмесмин. Себеби республикалык олимпиадага республика боюнча абдан кѳп кыйындар катышат, мен жеңишке жетишем деп ишенген эмесмин.

-Жеңип кайтканыңда  кантип тосуп алышты?

-Укмуш, ѳзүм деле абдан сүйүнүп кайттым. Мектепке келгенимде биринчи директор, завуч жана кѳптѳгѳн мугалимдер гүл беришип, «азаматсың» деген сыяктуу жагымдуу сѳздѳр менен куттукташты. Сүрѳтүмдү мектепке илип коюшканына абдан кубандым.

-Сенин жеңишиңди бѳлүшкѳндѳр жана кѳрѳ албагандар болдубу?

–Кѳрѳ албагандар болду окшойт, ичтеринен, билдирбей…Бѳлүшкѳндѳр  кѳп болду, досторум, туугандарым. Мен үйгѳ барганда алыстан туугандарым келип, жакшы тилектерин айтып куттукташты.

-Канча бир туугансыңар?

-2  бир тууганбыз, бир сиңдим бар. Мен жеңип келгенимде ал да сабакка кызыгып  калды. Сиңдим да англис тили сабагынан олимпиадага барам деп кызыгып жүргѳн кези.

-Олимпиадада жеңишке жетишип келгендерди жергиликтүү бийлик куттуктап, акчалай сыйлыктарды берип жүрбѳйбү. Сен ошол сыйлыгыңды эмнеге жумшадың?

-Чындыгын айтсам мен  эч кандай сыйлык ала элекмин.

                                                                          Нурсейит Мамасыдыков

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>