Матрешка качан пайда болгон?

Матрешка илгертен эле Россиянын символу катары жашап келүүдѳ. Бирок анын тѳрѳлүшү Япония мамлекетине тыгыз байланыштуу.  Мындан бир канча жылдар мурун Япониянын картаң ойлоп табуучусу Фукурума тарабынан жыгачтан жасалган  фигуралар алынып келинген. Фигураны ачса ичинен дагы ошондой улам кичине фигуралар чыккан.  .

1890-жылдар бул фигура москвадагы меценат С.И.Мамонтовдун бир тууганы А.И.Мамонтовдун  «Балдар тарбиясы» деп аталган  оюнчук чеберканасына түшкѳн. Ошол кезде ошол чеберканада иштѳѳчү жыгач боюнча уста Василий Зведочкин  жыгачтан бири биринин ичине бири батуучу фигураларды жасаган. А художник Сергей Малютин сыртын кооздогон.  Биринчи матрешканын сыртында сарафан жана алжапкыч сыяктуу орус элинин улуттук кийимин кийген, колунда кол жоолугу жана тооктун сүрѳтү тартылган кыздын сүрѳтү болгон Оюнчук 8 фигурадан турган. Улам кийинки фигураларда кыздардын сүрѳтү балдардын сүрѳттѳрү менен алмаштырылган. Эң акырында жаңы тѳрѳлгѳн наристенин сүрѳтү да түшүрүлгѳн. Жыгачтан жасалган айымды матрешка дешкен. Себеби ошол мезгилде орустарда Матрена деген ысым эл ичинде кѳп тараган ысымдардын бири болгон.

1900-жылдын башында матрешкаларды Сергиева Посаданын чеберлери жасашкан.  Матрешкалардын сыртына сүрѳттѳр  гуаш менен тартылып, кооздолгон. Жыгачтан башка кездемелер, кагаз, фарфорлор, крахмал, гипс менен чапталган картондор колдонулган. Сергиева Посаданын чеберлеринин иштери Россияда гана эмес, андан сырт жактарда да белгилүү болгон. Алгачкы матрешкалар  кымбат болгонуна карабастан, ага суроо талап кѳп болгон. Франциядан, Германиядан түшкѳн буюртмалар менен жасалган учурлар болгон.

Ал эми «Ванька тур» же жыгылбас оюнчуктар матрешкадан келип чыккан. Пасадада жыгач менен кагаздан жасалган биринчи жыгылбас оюнчук  үн чыгарган. Оюнчуктун ичине темир салынган, натыйжада оюнчук  жыгылган эмес.

                                              Каныкей Жеңишбек  кызы,

                     П.Ж. Нышанов атындагы №50 мектеп-гимназиясынын

11-«А»  классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>