Улуу Жеңишке 68 жыл

Нургазиев Мухтар неберелери менен

«Биз дүйнѳгѳ аталардан кеч келип, тээ Батышта адам канын кечпедик…»

Кѳкүрѳгү орден менен медалга толгон бул инсан  биздин ардактуу агабыз, атабыз, согуштун жана эмгектин ардагери, кѳп жылдар бою жетекчилик кызматтарда иштеген  Мухтар Нургазиев  азыр 90дон ашты. Согушка 17 жашында чакырылып, жаштыгына карабай от күйгѳн согушка катышып,  Панфилов дивизиясында  да салгылашкан. Ата Мекенине согуш бүткѳндѳн кийин  1946-жылы  июнь айында кайткан. Согуш талаасында эки ирээт жараланган. Ата Мекендик согушта кѳрсѳткѳн эрдиктери үчүн ага  Ата Мекендик согуштун I-II даражадагы, Кызыл Жылдыз  ордендери, кѳптѳгѳн медалдары ыйгарылган. Эмгектеги  эрдиктери үчүн  Кыргыз Республикасынын  Кызыл Туу  ордени менен,  эки жолу Ардак белгиси ордендери менен сыйланган. Азыркы күндѳ агабыз уул-кыздарынын, неберелеринин  маңдайында ардактуу эс алууда. «Согуш мезгилинде  сууда сүзгѳндү билбегендигиме жана лыжа тебе албагандыгыма абдан ѳкүндүм»,- дейт агабыз. Улуу Жеңиш биздин эр жүрѳк, азамат уулдарыбыздын ѳмүрү менен келген. Андыктан бул майрам  мен үчүн бардык майрамдардан  баалуу, улуу күн,-дейт  Мухтар Нургазиев.

                                                                                                      Диана Бекибаева,

                                                    №52 Ак-Тилек  мектебинин  окуучусу

 

 

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>