“Талыкпай эмгектенсең гана ийгиликке жетишесиң”…

Айшоола Султанова – Ош шаарынын “Олимп” мектеп-гимназиясынын 10-“А” классынын окуучусу,  республикалык олимпиаданын жеңүүчүсү

– Айшоола,  республикалык олимпиадада кыргыз тили сабагынан 1-орунду кантип жеңип  алдын?  -Кандай ийгиликке болбосун  талыкпаган эмгек менен гана жетүүгө болот. Мен  олимпиадага катышуу үчүн жакшы даярдык көрдүм.  Кыргыз тили сабагынан 1-орунду ээлешиме ушул сабактан окутуучу эжекем Тойчуева Айша Ноомановна менен ОшМУнун мугалими Бүсадат Сабыровнанын салымы чоң. Аларга чоң рахмат айтамын.

– Келечекте ким болгуң келет?

-Келечекте элдин керегине жараган дарыгер болсом деп тилейм. Бул менин бала чактан көздөгөн максатым. Ага жетишүү үчүн бардык күч-аракетимди жумшайм.

– Биринчи орунду аларыңа ишендин беле?

– Олимпиада жеңишиме толугу менен көзүм жеткен деп айта албайм.  Анткени, республика боюнча билими күчтүү окуучулар көп катышарын билчүмүн. Ошондуктан, аябай жүрөксүдүм. Бирок, баары бир жүрөгүмдүн түпкүрүндө эмгегибиз акталат деген ишеним болгон.

– Кыргыз тилден тышкары кайсыл сабактарга кызыгасын?

– Бардык эле сабактарга кызыгам. Бирок, келечектеги кесибиме байланышкан химия, биология сабактарыма өзгөчө көңүл бурам.

Хоббиң кандай?

– Бош болгон учурда даректүү фильмдерди көргөндү жана көркөм чыгармаларды окууну жактырам.

 

Азамат Маматалы уулу,

“Олимп” мектеп-гимназиясынын окуучусу

 

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>