Мектептерди адис менен камсыз кылуу

2011-2012-окуу жылында шаардын мектептеринде 3112 педагог таалим тарбия берип жатышат. Шаардагы 15 мугалимге “Кыргыз республикасынын билим берүусүнѳ эмгек сиңирген мугалим“деген ардактуу наам берилген, 455 мугалим жана тарбиячы “Билим берүүнүн мыктысы наамына татыктуу болушкан. 2010-2011-окуу жылында шаардын мектептерине  284 адис зарыл болсо, иш жүзүндѳ 600 адис кабыл алынган. Алардын ичинен 49 адис жогорку окуу жайлардын бюджеттик бѳлүмүн, 57 адис контракттык бѳлүмдү бүтүргѳн. Шаардын мектептерине  ОшМу-69, ОМПИ-16, ОШКУУ-16, ЖАМУ-1, БГУ-1, ОшТУ-2,БМПУ-1 адис жиберген. Үстүбүздѳгү окуу жылында шаардын мектептеринде 45 акыркы курстун студенттери сабак берип келишүүдѳ. 2012-2013 окуу жылына карата окутуу орус тилинде жүргүзүлгѳн мектептерге 155 адис керектелүүдѳ. Алар:башталгыч класстардын 27 мугалими, математика боюнча 15 мугалим, физикадан 4, дене тарбия сабагынан 15 мугалим жетишпейт.

Билим берүү мекемелеринде жаш адистердин кесиптик деңгээлдерин ѳнүктүрүүгѳ багытталган оптималдуу шарттарды түзүүнүн  аракеттери кѳрүлүүдѳ. Шаардык мэрия жана депутаттардын шаардык кеңеши тарабынан жаш адистерге жеке үй куруу үчүн жер участокторун бѳлүп берүү аракеттери кѳрүлүүдѳ. Шаардагы тарбия иштери боюнча директордун орун басарларына мэриянын эсебинен 2000 сомдон ай сайын кошумча тѳлѳмдѳр киргизилди. 500 мугалимге үй куруу  үчүн жер участокторун  бѳлүп берүү боюнча Ош шаардык  мэриясына документтер тапшырылды. Ошондой эле билим берүү кызматкерлери жыл сайын бир жолудан милдеттүү түрдѳ амбулатордук -медициналык кароодон акыз  ѳтүп турушат.

                                        Нурсейит Мамасыдыков,

                 №17 Ю.Гагарин атындагы гимназия мектебинин 10 –«А» классынын  окуучусу

 

One comment to Мектептерди адис менен камсыз кылуу

  • омурбек  says:

    салам достор

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>