Замир Арыкбаев. Белгилүү ырчылардын бири Замир Арыкбаев кичинесинен эле тентектигин жашырбайт. Үй бүлѳдѳ 3 эркек, 2 кыздын ортончусу Замир 6 жашынан тартып классында атаман болуп, татынакай кыздарга тийишип, кѳп уруш угуп, таяк жеген. Алардын ата-энеси келип урушуп кетчү. Аз убакыт ѳткѳндѳн кийин мурдакы кѳрүнүш кайра кайталанчу. 2-классында 11-класстагы кызга тийишип таяк жеп, жеңеси куткарып калганын жылмаю менен эстейт. Ал эми алгач сүйүүсү 9-классында болгон. Аны 11-класска чейин жакшы кѳрүп, жоопсуз сүйүүдѳн улам ал кызга жеткен эмес.
Далее
Комментарии