Эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлѳрү

Оштогу  «Сема» лицейинин бүтүрүүчүлѳрү Ислам Камилов жана Эламан Тилеков  Грузияда ѳткѳн 35 мамлекеттин окуучулары катышкан  Эл аралык олимпиадада  Химия сабагы боюнча  1- орунга татыктуу болушуп, Алтын медаль менен кайтышты. Экѳѳ тең аталган лицейдин 11 «Б»-классынын окуучулары. «Бул медаль бизге дем берди, биз мындан да мыкты ийгиликтерди жарата алаарыбызга ишенип кайттык. Мектепти аяктаган соң чет мамлекеттен билим алып, мыкты адистик алып, келечекте Кыргызстаныбыздын  экономикасын кѳтѳрүүгѳ  ѳз салымыбызды кошсок деген ниетибиз бар»,-дешти алар. Экѳѳ тең Алай районунун алыскы айылдарында, жѳнѳкѳй үй бүлѳдѳ чоңойгон балдар. Экѳѳнүн тең эки сабактан 4 деген баалары бар, калганынын бардыгы «5».

-Биздин проектибиз «Май менен суунун аралашмасын химиялык жол менен бѳлүү» болчу. Биз бул тапшырманы абдан так жана чеберлик менен  аткардык. Майды ѳзүнчѳ бѳлүп, сууну ичүүчү таза сууга айландырдык. Биздин ийгиликке жетишишибизге агайларыбыз  Эрай Алтын топ жана Сабыр Муратовдун жардамы кѳп болду. Алар бизди абдан мыкты даярдашты. Анан химия сабагын англис тилинде окуганыбыз  биздин тапшырманы аткаруубузга  дагы бир артыкчылык берди. Биз 35 мамлекеттин окуучулары катышкан олимпиадада жеңебиз деп эч ойлогон эмеспиз,-дешти алар.

                                           Каныкей Бактыбекова,

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>