Аалам ойчулу-Пифагор

Ош шаарында жарыяланган  1 айлык “МИФ” усулдук бирикмесинин декадасынын негизинде №31 Курманжан Датка атындагы орто мектебинде  математикалык жана физикалык бир катар коомдук маданий иш чаралар ѳткѳрүлдү Алардын  бири- философ, атактуу математик Пифагордун чыгармачылыгына арналган “Пифагор улуу ойчул жана математик” деп аталган  математика кечеси болуп ѳттү. Кечеге шаардагы башка  мектептерден келген бир топ мугалимдер мейман  болушту. Кеченин жүрүшүндѳ түрдүү оюн- зооктор кѳрсѳтүлүп, окуучулардын ой жүгүртүүсүн  баалоочу кызыктуу жарыштар орун алып, жеңүүчүлѳргѳ балуу сыйлыктар тапшырылды жана  да кече түрдүү ыр бийлер менен катар эле спектакл  менен коштолду.

 Класстар арасында “Аалам ойчулу Пифагор”деген темада дубал гезиттеринин да сынагы ѳткѳрүлдү. Ар бир класс Пифагордун  ѳмүрү,  чыгармачылыгы тууралуу чакан монтаждарды коюшту. Ошентип кече мыкты деңгээлде жыйынтыкталды. Таланттуу, ѳнѳрлүү  окуучуларга кечеге активдүү катышканы үчүн мактоо барактары менен катар түрдүү  белектер ыйгарылды жана да окуучулар мындай иш чаралардын кѳбүрѳѳк  болушун  белгилешип, кеченин уюштуруучусу Кадырова Сайрагүл эжейге терең ыраазычылыктарын билдиришти.

Кечеден сырткары 6-класстардын ортосунда математикалык сынак болуп ѳттү. Сынакта окуучулардын ой жүгүртүүсүн, акылын текшерген  кызыктуу математикалык суроолор берилип, математикалык акыйнектер айтылып жана ошол сыяктуу түрдүү оюн- зооктор коюлду. Сынак кызыктуу саркеч кийимдердин кѳргѳзмѳсү менен жыйынтыкталды. Бул сынактын уюштуруучусу Эсенгелдиева Келсинай эжей  мындай сынактар окуучулардын дүйнѳгѳ болгон кѳз карашын калыптандыраарын айтат.

Мындай сынактарды ѳткѳрүү  менен окуучулардын билимге болгон кызыгуусун арттырууга болооруна токтолушту уюштуруучу мугалимдер жана да мындай иш чаралар билимдүү ѳлкѳнү түзѳѳрүн  айтышты.

Адилет  Ильяз уулу,

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>