«Дидар» бий тобунун алгылыктуу иштери

Ош шаарында ири бий топтору кѳп. Атап айтсак «Step by step» «Назик» «Шайыр» жана башка кѳптѳгѳн бий топтору бар. Алардын баары талантуу балдар, кыздар экендигине  күбѳ болуп келүүдѳбүз. Мээрим  балдар  билим   борборунда  кѳптѳгѳн  ийримдер  бар. Куурчак  театры, тай-цзи, комуз, сүрѳт, кол ѳнѳрчүлүк, бий  жана  башка ийримдердер  иштейт.  «Дидар» бий  тобу  2008-жылы Мээрим  балдар  билим  борборунда  түзүлгѳн.  Топтун  жетекчиси  Исакова  Жаңылай. Бий  тобуна  ар  кайсы  мектептен  бийге  шыктуу, ар  кайсы  жаштагы  кыздар  катыша  алат. Ю.А.Гагарин атындагы мектебинен  Мухтардин  кызы  Айгерим  катышып, ѳз  ѳнѳрүн  кѳрсѳтүп келет.

«Дидар»  бий  тобу  быйыл «Жаш  талант  2013»  сынагына  катышып, II-даражадагы  дипломго  ээ болду. Алар республикалык, шаардык, облустук  сынактарда   алдыңкы  орундарды  алып  келишет. Кайрымдуулук  концерттерин да ийримдин  катышуучулары  акысыз  коюшту. Ѳзүбүздүн   улуттук  колориттик  бийлерибизде  жогорку  деңгээлде,  эң  мыкты  тигилген  формалар  менен  ѳнѳрлѳрүн  тартуулашат. Айта  кетчү  нерсе-  алар  улуттук  бийден  тышкары   кавказ  бийи, цыган  бийи, индия  бийи жана  башка  бийлерди жеткиликтүү аткаруу менен ѳз  ѳнѳрлѳрүн кѳрсѳтүшѳт.

Абдувахап кызы  Айчүрѳк, Акжолова Айгерим, Абдылдаева Нурийла, Давлет кызы Нурпери, Жеңишбекова  Айзирек, Мухтардин кызы  Айгерим, Нурлан кызы Элнара,  Урайымова  Айдана  аттуу  кыздарга  ыраазычылык  билдирип,   биздин  мектептин  атынан  дагы   албан-албан  ийгиликтерди  каалайбыз!

Бекназар Ысабек  уулу

№17-Ю.А.Гагарин атындагы мектеп  гимназия комплексинин

10-А классынын окуучусу

.

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>