Ѳспүрүм кыздарга косметика колдонууга болобу?

Кирпигинен тырмагынын учуна чейин боёнуп  алган 14-16 жашар  кызды кѳргѳндѳ аргасыздан кѳңүл бѳлүп,  анын жапжаш  жүзүндѳ боёктун  канчалык  жарашпай калганын байкайсың. Боенгон  жаш кыздын  бети  жасалма, ылайыксыз  кѳрүнѳт. Кыз ѳзүнүн татынакай наристе жүзүн,  жаштык  жагымдуулугун боёкко бастырып алганын байкабайт, ошондо «Жазга боёктун кереги не» деген макалды эстейсиң.

Сулуулангысы келген ѳспүрүм кызга бетин таза жууп, тыкан,  жарашыктуу кийинип, чачын жарашыктуу тарап алгандан ѳтѳѳрү жок. Ал эми эрте боёно баштаган кыздардын  эриндери кубарып, бет болсо жаштык түсүн, чымырдыгын эрте жоготот,-дешет илимпоздор. Ѳспүрүм кыз эрини кесилип кеткен  учурда гана эрдине гигиеналык түзсүз, боёктон колдонсо болот. Мурундун кычыгы, ээк майланышып, кызарган ысыктар чыга калса спирт аралашкан;  бадыраң, старт, цитрон, лимондуу ласьондору менен сүртсѳ болот дешет адистер. Эгер безеткилер күчѳп кетсе календула ачыткысын спирт менен сүртѳт. Андан тышкары диета кармоосу зарыл. Татымалдар, ачуу тамактар, кофе, шокколаддарды азайтуу керек.

Белек Алмаз уулу,

№17-Ю.А.Гагарин мектебинин 6-Б классынын окуучусу

 

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>