Daily Archives Вторник мая 28th, 2013

Жыйынтык чыгарууга кез келди

«Данек» гезитинин  акыркы 14 саны  жарыкка  чыгып, журналист-окуучулар эс алууга  кетишти.  «Журналисттер»  коомдук бирикмесинин Оштогу бѳлүмүнѳ  жаш журналисттер, гезиттин  окуучуларга жетишине кѳмѳк кѳрсѳткѳн  мектептердин ѳкүлдѳрү чакырылды. Активдүү иштеген окуучу-журналисттерге  «Журналисттер» коомдук бирикмесинин «Ардак Грамоталары» жана алардын ишинде пайдасы кѳп тие турган  флешкалар  тапшырылды.

Далее

Убакыттын тез ѳткѳнүн карачы…

Кечээ эле  мектеп окуучулары үчүн  чыга турган гезиттин биринчи санын чыгарабыз деп окуучулар менен  жолугушуп, колуна калем кармап кѳрѳ элек, бирок  жалындаган жаштыгы менен  кандай кыйынчылык болсо да багындырууга  даяр турган балдар, кыздар  менен баарлашып, алардын  кѳѳдѳнүнѳ батпай турган  максаттары менен үмүттѳрүнѳ  ортоктош болдук эле. Балалык деген ушул да, газета чыгаруунун түйшүктѳрүнѳн кабары жок  туруп, газетага  материал жазууга бел байлап,  түшүнбѳгѳн  учурда  сурап, ѳздѳрүн кадыресе кабарчыдай сезишкенине кубандым.

Далее