Убакыттын тез ѳткѳнүн карачы…

Кечээ эле  мектеп окуучулары үчүн  чыга турган гезиттин биринчи санын чыгарабыз деп окуучулар менен  жолугушуп, колуна калем кармап кѳрѳ элек, бирок  жалындаган жаштыгы менен  кандай кыйынчылык болсо да багындырууга  даяр турган балдар, кыздар  менен баарлашып, алардын  кѳѳдѳнүнѳ батпай турган  максаттары менен үмүттѳрүнѳ  ортоктош болдук эле. Балалык деген ушул да, газета чыгаруунун түйшүктѳрүнѳн кабары жок  туруп, газетага  материал жазууга бел байлап,  түшүнбѳгѳн  учурда  сурап, ѳздѳрүн кадыресе кабарчыдай сезишкенине кубандым.

Туура, бардык эле жерде окуучуларды журналист катары кабыл алышкан жок. Элнура Кылычбек кызын мэрияга «Жаңы жылдык иш-чаралардын шаарда ѳткѳрүлүшү, мэрдин арча майрамы боюнча жазып кел» десем мэриянын  охранасы киргизбей кыйла убара кылышты. Нурсейит Мамасыдыков  Билим берүү башкармалыгынан олимпиаданын жыйынтыг боюнча маалымат алалбай бир жума убара болду. Каныкей Бактыбек кызын «Келечек» балдардын чыгармачылык борборуна репортажка жѳнѳтсѳм директордун орун басары: «директор жок, мен бош эмесмин,»-дептир. Мындай учурларда балдардын шагы сынып калбасын деп ѳзүбүз телефон чалып, ѳзүбүз жардам берүүгѳ аракет кылдык.

Мен адегенде журналистика деген  эмне экенин биле элек балдар менен иштѳѳ кыйын болоор бекен деп ойлодум эле. Адегенде гезиттин кийинки санын пландаштырганда тапшырма берип, темаларды жазып алып, кимисин кайсы тема кызыктыраарын байкап кѳрдүк. Арген Насиевде: «мен кандай теманы болсо да жазамын » деген ѳзүнѳ ишенүүчүлүк бар. Чындыгында эле Арген кайсыл теманы болсо да жазат. Ѳзү жаш болгону менен кѳптү билүүгѳ умтулуусу күчтүү. Компьютерди жакшы ѳздѳштүрүп алган. «Мектеп  рэкети», «Балдардын компьютерге алаксып окуудан начарлоосу», «Мектеп лидери», «Мектеп окуучулары-ишкерлер» сыяктуу курч  макалалар ушул Аргендин калемине таандык. Кайсыл жерден  кандай маалымат табышты да мыкты ѳздѳштүрдү. Сабакты да жакшы окуйт. Ѳзүн ар тараптан ѳстүрүүнүн аракетинде.

Азамат Маматалы уулу  эң жаш кабарчыбыз болгону менен ѳзүн ар тараптуу кѳрсѳтүүгѳ үлгүрдү. Орус, кыргыз тилдеринде бирдей жазды. Маек, репортаж, статья жазуу менен  ѳзүн журналисттик жанрлардын  бардыгында сынап кѳрдү. Бир катар мектеп, шаар маселелерин да кѳтѳрдү. Азаматтын макалалары жѳнѳкѳй, балдардын тили менен жазылат.  Андыктан балдарга жакын. Анын калеминен жаралган «Мырза кѳгүчкѳн», «Жаныбар багам десең аны күтѳ бил»  жана башка макалалары ѳзүнүн жѳнѳкѳйлүгү, түшүнүктүүлүгү менен жаш окурмандарды ѳзүнѳ тарта алды.

Биздин дагы бир кабарчыбыз Каныкей  Бактыбекова «Дүйнѳнүн жети кереметин», «Дүйнѳнүн жаңы жети кереметин», «биз жашаган шаар жѳнүндѳ» кызыктуу, тарыхтан алынган  макалаларды  жазды. Каныкейдин макалаларын окуучулар кызыгып окушту.

Бекназар Исабек уулу, Нурсейит Мамасыдыков,  Адилет Ильяз уулунун жазган макалалары, ой толгоолору да окуганды кайдигер калтырбай турган мектеп турмушунун маселелери, чыныгы достук, окуучунун бош убактысы, мугалим менен окуучунун, окуучу менен ата-энесинин ортосундагы мамилелер болду. Адилеттин Чынгыз жѳнүндѳ жазган ыры күчтүү чыкты..

Кабарчыларыбыз Сайкал Нурбек кызы, Каныкей Жеңишбек кызы, Диана Бекибаева,   Нурия Эралы кызы ѳздѳрүнүн мектептериндеги, класстарындагы жаңылыктарды жазып, «Кыздардын тарбиясы», «Эне, ата тарбиясы», «Ашкана сырлары», «Үй тутуу», «Пайдалуу кеңештер» сыяктуу  рубрикаларда ѳз калемдерин сынашты. Гезитибизде  «Менин мектебим»,«Биздин класс», «Менин сүйүктүү мугалимим», «Биздин каарман -биздин арабызда» деген рубрикалар болду. «Жугуштуу оорулардан сактаналы», «СПИД- кайсы убакта жугат?», «Табият жана биз» сыяктуу рубрикаларыбыз окурмандар үчүн кызыктуу болду деп ойлойбуз. Белгилеп кетүүчү бир жагдай, «Мен жаман кѳргѳн мугалим» деген темада бир да окуучу-кабарчыны макала жаздыра албадык.

«Үйдѳ жан жаныбар баксаң», «Атактуулардын балалыгы», «Ѳмүрү ѳрнѳк инсандар», «Кѳчѳ балдары», «Биз жашаган шаар», «Уламыш, жомок, табышмактар», «Базар жана окуучу» сыяктуу рубрикаларыбыз да окуучуларды кайдигер калтырган жок деп ойлойм. Ѳзгѳчѳ ѳздѳрү тарткан сүрѳттѳрүн, ыр, аңгемелерин гезиттен кѳргѳн окуучулардын кубанычын айтып бералбайм.

Биздин  газетабыздын  дагы бир ѳзгѳчѳлүгү — кѳптѳгѳн окурмандар ѳздѳрүнүн  аңгемелерин, ырларын, тартылган сүрѳттѳрүн, кулинардык рецепттерин тынбай алып келе башташты. Ѳзгѳчѳ белгилеп кете турган жагдай, биздин эң жаш авторубуз, 5-класстын окуучусу Екатерина Лапушкинанын  «Башкаларга окшобогон ажыдаар» аттуу аңгемесинин жыйынтыгын  окурмандар эмки жылы окушат деп ойлойбуз.

Гезитибизде ошондой эле Умида Абдуллаеванын, Зарина Солиеванын, Мавлюда Бурибаеванын, Нурулло Абдрашид уулунун, Акхад Артыковдун, Ахунжан Кадыровдун, Фериде Колигованын  ата-энелерине, мугалимдерге, достукка жана  толеранттуулукка арналган  ырлары, бүгүнкү күндүн проблемаларын камтыган макалалары жарык кѳрүп турду.  Кыргыз   орус  жана ѳзбек тилдүү мектептерде  окуган окуучулар редакцияда чогулуп, гезитке чыга турган  макалаларды  бирге талкуулашты. Бул ар улуттун  балдарын дагы жакындаштырды, балдардын ынтымагын, достугун чыңдады деп ойлойбуз.

Бизде мыкты жазган жана газетабызды таркатууга жардам берген окуучуларыбыз кѳп болду. Алардын бири Эльяр Сайдумаров. Газетаны 3 сомдон сатуу менен окуучуларга аз болсо да калем акы кылып берсек, газетаны жеткирүү чыгымын жапсак деп ойлогонбуз. Туура, кѳп мектеп окуучулары сатып алып окушту., кѳп мектеп окуучулары гезит бетинен эмне тууралуу окугулары келе турганын да айтышты.

Ал эми  Курманжан Датка, Гагарин, Нышанов, Ага  Хан, Киров, Терешкова, Нариманов  атындагы, Ак Тилек, Керме-Тоо жана башка мектептердин  администрациялары окуучулардын гезити аларга жетүүсүнѳ кѳмѳк кѳрсѳтүштү.

Бир гана шаардагы У.Салиева атындагы мектеп лицейинин завучу Асан аттуу  агай  «Биздин мектеп тууралуу макала ар бир санда болуш керек, болбосо биздин окуучулар албайт» ,-деди. Биз ар бир санда Салиева мектеби жѳнүндѳ эле жаза албадык. Себеби шааарда 56 мектеп болсо, ар бир санга  бир мектеп жѳнүндѳ гана жазалбайт элек.  Ошондуктан ал мектепке  гезит бербей калдык. А негизи гезитти ѳзү жѳнүндѳгү маалыматты окуш үчүн эмес, андагы башка макалаларды, маалыматтарды  окуш үчүн алат эмеспи. Ал мектептин окуучулары биздин гезитти, биздин гезит аркылуу таратылган маалыматтарды окуй албай калышты. Асылбек аттуу окуучу ѳзүнүн макалаларын алып келип атты эле, ал дагы келбей калды.  Белгилеп кете турган бир жагдай,  Асан агайдан алган гезиттеринин акчасын тѳлѳп коюусун  бир канча ирээт ѳтүнгѳнүбүз менен  алалбай келатабыз. Окуучулардын калем акысы үчүн тѳлѳнѳ турган акчаны кантип ѳндүрүп алсак деп ойлонуп турган чагыбыз.

Байге коюп географиялык суроолорду жарыяладык эле, №50 Нышанов атындагы мектептин 6-классынын окуучулары Бахтияр Абдысатар уулу жана Медербек Сланбек уулу туура жооп беришип, соорундарын редакциядан алып кетишти.

«Данек» гезити ошондой эле «Мыкты жомокко» сынак жарыялаганбыз. Азыркы мезгилде сынактын жыйынтыгы чыгарылууда. Мектеп окуучулары гезитке чыккан материалдарды биздин сайттан да окуп турушту.

Анда эмне дейли, сѳз соңунда биз менен иштешкен жаш журналисттерибизге, биздин гезитибиздин окурмандарына окуудагы ийгиликтерди, чың ден соолук каалайбыз. Бүтүрүүчүлѳр тилеген максатына жетсин, каалаган окуу жайына ѳтүп кетсин.

Калганыбыз жакшы эс алып, күздѳ кайрадан кезиккенче!

                                                  Жыпар Акунова,

                      «Данек» гезитинин башкы редактору

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>