Жыйынтык чыгарууга кез келди

«Данек» гезитинин  акыркы 14 саны  жарыкка  чыгып, журналист-окуучулар эс алууга  кетишти.  «Журналисттер»  коомдук бирикмесинин Оштогу бѳлүмүнѳ  жаш журналисттер, гезиттин  окуучуларга жетишине кѳмѳк кѳрсѳткѳн  мектептердин ѳкүлдѳрү чакырылды. Активдүү иштеген окуучу-журналисттерге  «Журналисттер» коомдук бирикмесинин «Ардак Грамоталары» жана алардын ишинде пайдасы кѳп тие турган  флешкалар  тапшырылды.

«Жомок»  сынагынын  жыйынтыгы чыгарылып,  кыргыз, орус жана ѳзбек тилинде   гезитке жарыяланган жомокторду  калыстар тобу карап чыгып,  жаш жеткинчектерге тарбиялык мааниси бар, кызыктуу  жомокторду  жазып келгендерге  сыйлыктар  ыйгарылды. Бир гана айта турган жагдай окуучулардан ѳздѳрү жомок ойлоп тапкандар болгон жок. Гезиттин окуучуларга жетишине кѳмѳк кѳрсѳткѳн  мектептердин  ѳкүлдѳрү да кѳз жаздымда калган жок. Жолугушууда жаш журналисттер, мектептерден келген мугалимдер гезиттин чыгышы, келечеги тууралуу ойлорун айтышып, ийгиликтерди каалашты  жана окуучулар үчүн гезиттин жоктугун, окуучулар ѳздѳрү гезит чыгарып жатышканы  кубана турган жагдай экенин,  быйыл гезитти таркалышына анча кѳмѳк кѳрсѳтѳ албай калышканын айтышып, кийинки жылы да иштешүүгѳ даяр экендиктерин  билдиришти. Белгилеп кете турган жагдай,  үч тилде чыгып жаткан мектеп окуучуларынын «Данек» гезитинин чыгышы «Журналисттер» коомдук бирикмесинин демилгеси

                                                                                                                      Жыпар Акунова,

“Данек” гезитинин башкы редактору

Tags:  

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>