Окуучулардын сүймѳнчүктүү гезити

«Данек» гезити мага биринчиден көптөгөн достор менен  таанышууга өбөлгө түздү. Башка мектепте окуган балдар менен бирге кабарчы болуп иштөө мен үчүн  кызыктуу болду. Гезиттин  ар бир санында өзүмдүн макалаларымды көрүп аябай кубандым. Интервью алып жатканда бир аз тартынганмын, бирок кийинчерээк өз  эрким  менен  досторумдан  маек  алууга  үйрөнүп  калдым .  Мен “Данек”  гезити  көптөгөн  жылдар  бою  иштеп ,  мындан да   жакшы  сапатта  чыккан, окумдуу  гезит  болуусун  каалайм! Окуучулардын , гезиттин  жаңы  санын  чыдамсыздык   менен   күтүүчү  гезитке  айлануусуна  тилектешмин!

Мен   ойлойм  гезит  аркылуу  мектептин  жаңылыктарын  басып  чыгаруу, окуучулардын  айталбай  жаткан  көйгөйлөрүн  жалпы  окуучулар  менен  талкуулоо ,  аларга  ар  тараптан  кеңеш  берүү, булардын  баары  окуучулардын  башка мектептер  менен  тыгыз  байланышта  болуусуна  ыңгайлуулук  жаратса  керек . Бул  гезит  мектептер  аралык  ынтымакты чыңдоого жана  окуучулардын  бири-бири  менен  жакындан  таанышуусуна  шарт  түзөт  деп  ойлойм. Азыркы  учурда   мектептерде  болуп  жаткан  рэкетчилик сыяктуу терс   көрүнүштөр, гезит  аркылуу  ынтымакта  биригүү  менен  жоюлуп  кетээр  деген  ойдомун .  Мен  “Данек”  гезитинде  кабарчы  болуп  жургөнүмдө   кыйынчылыктарга  туш  болгон  жокмун   десем  болот . Мага  “Данек”  гезитинин  редакторлору  Акунова  Жыпар  эже,  Турсунов  Музаффар акелер  менен  иштөө   кызыктуу  болду.

”Данек”-гезити   көптөгөн  жылдар  бою  иштеп, мындан  да  жакшы  сапатта  чыккан   гезит  болуусун  каалайм !  Окуучулардын,  дайыма  жаңы  санын  чыдамсыздык  менен  күтүүчү  гезитке  айлануусуна  тилектешмин!

“Данек”-  гезити  чыккандан  бери  силерге   кандай  таасир  калтырды   деп  сураганымда  окуучулар  төмөнкүлөрдү  билдиришти .       Ю.А.Гагарин  мектебинин  окуучусу  Равшан   уулу  Адилет:-“Мага “ Данек” гезитинин кызыктуу жаңылыктары , мектеп  окуучуларына  ар  тараптан  кеңеш  берген  макалалары  жакты. Мен  “Данек “- гезитине  дагы  чоң-чоң  ийгиликтерди  каалайм!”,-деди.

Ю.А.Гагарин  мектебинин   10-“А” классынын   окуучусу  Акунова  Акбермет: “Мен “ Данек”  гезитинен  кыздарга  тиешелүү  көптөгөн  кеңештерди  алдым.  Мектебимде  болуп  жаткан  окуялар “ Данек” гезитине басылып чыгып жаткандыгы   мени  кубандырды.  Жалпы  классымдын  атынан   жана  өзүмдүн  атымдан  “Данек”   гезитине  ийгиликтерди  каалайм!”

Ю.А.Гагарин  мектебинин  10-“А”  классынын   окуучусу  Инамидин  уулу  Мундуз: “Данек”  гезити  мен үчүн  эң  сүйүктүү  гезитим, ар  бир  санын  чыдамсыздык  менен  күтүп  окуйм .  Гезиттин мындан ары да окуучулар  үчүн  ишин  мыкты   улантып чыга   берүүсүн  каалайм!”

Ю.А.Гагарин атындагы мектебинин 10-“А”  классынын   окуучусу   Канат  кызы  Мээрим:  “Мага  “Данек”  гезити  чакан , азыраак барактуу , бирок  ичине  көп  нерселерди   камтыгандыгы  менен  жагат.”,-деди.

Даярдаган Ю.А.Гагарин  атындагы  мектеп    гимназия  комплексинин

 10-“А” классынын  окуучусу  Бекназар Ысабек  уулу

2 comments to Окуучулардын сүймѳнчүктүү гезити

Написать ответ Cancel reply

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>