Мектеп окуучулары «FLEX» программасынын алкагында АКШга кайрадан бекер бара алышат

АКШга бекер барып бир жыл америкалык курдаштар менен окугуң келеби? Мындай мүмкүнчүлүктү «FLEX» программасы берет. Ал кезектеги катышуучуларды аныктай баштады.

«FLEX» программасы орто мектептердин окуучуларына АКШнын жалпы билим берүү мектептеринде бир  жыл бою билим алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул программа аркылуу АКШнын Конгресси өз жардамын КМШ (СНГ) өлкөлөрүнүн бардыгына сунуш кылат, алардын арасында: Азербайжан, Армения, Беларус, Грузия, Казахстан, Кыргызстан, Молдова, Орусия, Тажикистан, Түркменистан, Украина жана Өзбекистан мамлекеттери бар. FLEX программасы толугу менен АКШнын өкмөтү тарабынан каржыланып, Мамлекеттик Департаменттин Билим жана Маданият Программалар Бюросу тарабынан уюштурулат.

Бул программа он жети  жылдан бери ишке ашырылып келе жатат, бул жылы дагы КМШнын орто мектеп окуучуларына 2014-2015 окуу жылын АКШда өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Программа катышуучулардын окуу стипендиясын, жашаган жерин, тамак-ашын, медициналык камсыздоосун (страховка) жана жол акысын толугу менен каржылайт.

Программа башталаардан мурун, катышуучулар даярдоо программасынан өтүшөт. Бул даярдоо программа катышуучуларга Америкадагы кабыл алуучу үй-бүлөсү, мектеби, жашоо-шарты жөнүндө маалымат берип, үйрөтөт. АКШда болгон кезде КМШнын окуучулары көптөгөн жана түрлүү маданият алмашуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ боло алышат. Америкалыктар менен баарлашып, мектепте окуп жана окуудан тышкаркы иш-чараларга катышып, алар Америкадагы жашоону өз тажрыйбасында биле алышат.

FLEX программасынын катышуучулары 2015-жылдын май-июнь айларында программа боюнча бөлүнгөн убакыттын ичинде үйлөрүнө кайтып келиши абзел. Андан кийин, программанын катышуучуларына эки жыл ичинде АКШга барууга уруксат берилбейт. Кээ бир окуучулар үйлөрүнө акыркы экзамендерин тапшырууга  жетишпей калышы мүмкүн. АКШда FLEX программа боюнча окуган жаштар үйлөрүнө кайткандан кийин эммиграция визасына же АКШда иштөөгө эки жыл бою кайрыла алышпайт.

Программага катышкан окуучулардын жазылган дил-баяндарын, англис тилди билүү деңгээлин, жеке өзгөчөлүктөрүн, сунуш (рекоммендация) каттарын жана АКШда бир жыл бою окууга даяр экендигин жогорку деңгээлдеги билим берүү адистери жана окучуулар алмашуу тармагында кызматтанган эксперттери текшеришет жана текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча финалист-катышуучуларды тандашат. Программа 9, 10, 11- класстардын окучууларын жана колледжде 1курста окугандарды конкурска катышууга чакырат. Окучуулар 1997 жылдын 1 январынан 1999 жылдын 15 июлуна чейин төрөлгөн; өткөн беш жылдын ичинде АКШда 3 айдан ашык жашабаган жана англис тилин жакшы билген жаштар болушу керек.

Бул программа жогорудагы шарттарга туура келген окучуулардын баардыгына ачык. Мүмкүнчүлүгү чектелген (майып) окучуулар дагы программага катыша алышат. Алар 1996-жылдын 1 мартынан 1999-жылдын 15 июлуна чейин төрөлгөн болушу керек, жана мектептин 9, 10, 11 классында окушу керек. Азыркы күнгө чейин КМШ өлкөcүнөн 200дөн ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген окучуулар АКШда бул программа боюнча билим алышкан.

Жогорудагы шарттарга туура келген окучуулар үч турдан турган конкурстун биринчисине катышууга чакырылат. Алар өзүнүн туулгандыгы тууралуу күбөлүктү же паспортту, жакында түшкөн (3х4) сүрөттү жана ручканы алып келиши керек. Биринчи турдан (кыскача англис тилин текшерүү тестинен) өтүп кеткен окучуулар экинчи турга (англис тилинде дил-баян жазууга) чакырылат. Экинчи турдан өткөн окучуулар гана англис тилин түшүнүү тестинен өтүп, дил-баян жазып, анкетаны толтуруп, интервьюдан өтүшөт.

Программа же тесттер боюнча маалымат алуу үчүн биз менен төмөнкү телефондор  аркылуу байланышсаңыздар болот:
Бишкек шаарындагы
ACCELS кеңсеси:
(312) 910-989, Сыдыков к., 187
Биздин сайтыбыз:
www.americancouncils.kg

Сүрөттү чоңойтуш үчүн аны баскыла.

flex

Tags:  

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>