Шаардын күнүнө карата шаардагы «Амир-Темир» аймактык кеңешинде жаңы мектеп ачылды. Мектептин салтанаттуу ачылышына Кыргыз Республикасынын премьер-министри ЖантөрСатыбалдиев, Ош шаарынын мэрии Мелисбек Мырзакматов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, шаардык кеңештин депутаттары, аймактык кеңештин тургундары катышышып, жаңы мектептин ачылышы менен куттукташты. Азыркы мезгилде бул мектепте 500 окуучу окуйт. «Ош шаарынын күндөн күнгө гүлдөп өсүп атканына кубанычтамын. Келген сайын жаңы курулушту көрчү болдум»,-деди премьер-министр.
Бекназар Исабек уулу
Комментарии