Түштүк борборунун күнү салтанат менен белгиленди

шаар куну 1

шаар куну 2

шаар куну Ош5-октябрь күнү Ош  шаарынын күнү  салтанат менен белгиленди. Шаардын борбордук аянты  кооздолуп, жасалгаланган.  Шаардын күнүнө арналган салтанатка  Кыргыз Республикасынын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев, Ош  шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  бир катар депутаттары катышып,  шаардыктарды майрамы менен куттукташып,  ордолуу Ош шаарынын  тургундарына ынтымак, биримдик жана  кут, береке каалашты.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин  Ош шаарынын тургударын куттуктоосун Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев окуп берди.

«Урматтуу Ош шаарынын тургундары, Сиздерди шаардын күнү менен куттуктайм!  Ош шаары –биздин ата-бабаларыбыздан  келаткан  кутман жер, ыйык  мурас.  Ош шаары илгертен эле өзүнүн  меймандостугу, берекелүүлүгү менен даңкталып келген.  Ал Улуу Жибек Жолундагы  ири  соода  борбору катары таанылган. Илгертен эле Ош шаарында  көптөгөн улуттардын өкүлдөрү ынтымакта жашап, эмгектенип  келишкен.   Тилекке каршы акыркы 50 жыл ичинде шаарда  үч ирээт этникалар аралык араздашуулар жүз берип, кайгылуу окуялар болуп кетти. Элибиздеги араздашууларды сырткы күчтөр, Кыргызстандын душмандары-сепаратисттер пайдаланып кетишти. Эми элибизде андай кайгылуу окуялар болбосун, элибиздин ынтымагын, биримдигин чыңдайлы, ынтымагыбызды жана биримдигибизди  чыңдашыбыз керек,-деген  Кыргыз Республикасынын Президенти өз куттуктоосунда.

Ош шаарынын күнүнө арналган майрамдык салтанатка 30 миңге жакын адам катышты. Майрамдык салтанатта шаар тургундары факелдик жана лазердик шоунун, жыйындын акырында шаардыктар 10 минуттук салюттук шоунун күбөсү болушту. Майрам  жаштардын дискотекасы жана приздердин розыгрышы менен аяктады.

Өз сөзүндө  Мелисбек Мырзакматов  келечекте Ош шаары экономиканын флагманы болуп калат, Кыргызстандын келечекте дүйнөнүн өнүккөн мамлекеттеринин арасынан ордун табаарына ишенем-,деди.

 Майрамдык салтанатта аянтта ыр-күүлөр жаңырып, майрам шаңына шаң кошуп турду.

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>