Оштун жаштары менен Алматы шаарынын жаштары кызматташат

молодеж Казахстана

молодеж Казахстана 2

Ош шаарынын күнүнө карата  шаарга  Казах  Республикасынын жаштарынан турган делегация келди. Ошол эле күнү Ош шаардык мэриясынын алдындагы жаштар комитети менен  Алмата шаарынын жаштар комитетинин ортосунда кызматташуу боюнча  меморандумга кол коюлду.

Казахстандан келген делегацияны Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматов кабыл алып, булл жолугушуу Кыргызстан менен Казахстандын жаштарынын ортосундагы  кызматташууга көпүрө болуп кала турганын билдирди.   «Мындан ары биз Алматынын жаштары менен тыгыз байланышта болобуз, скайп аркылуу семинарларды өткөрүп турабыз. Ал эми келечекте шаардын активдүү жаштары  Алматыда өткөн жаштар  саясаты боюнча форумга катыша алышат»-деди С.Жунусбаев.

 Казахстандан келген жаштар делегациясы Ош шаарынын күнүнө карата өткөрүлгөн иш чаралардын бардыгына катышышып, Сулайман Тоосуна чыгышып кайтышты.

                                                                                                         Сайкал Нурбек кызы

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>