Мектеп рэкети тууралуу көп айтылат. Бирок бир дагы мектеп жамааты, мектеп окуучулары «биздин мектепте рэкетчилик бар» дегенин уга элекмин. «Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат» ,-демекчи, республикабыздын булуң-бурчунан өспүрүмдөр арасындагы чыга калган уруш-талаш, мушташтан улам айрым балдардын өмүрү кыйылганы, оор жаракат алганы рэкетчиликтин дагы да бар экенин айгинелеп келүүдө. Бир мектептен рэкетчилик тууралуу сурамжылообузду сиздерге сунуштамакчыбыз.
Комментарии