Кыз балага кеп-кеңеш

imgres

ОЛОБО  ЖАСАШТЫ БИЛЕБИЗБИ?

Кыргыздын  сыйлуу меймандарга койгон тамактарынын бири олобо.  Бирок аны бардыгы эле жасай алышпайт. Олобону даамдуу жасаш үчүн төмөндөгүлөрдү эске алуу зарыл:

  1. Кой сойгондо өпкөсүн бүтүн, эч жерине жаракат кетирбей, кекиртеги менен кошо алып, дароо муздак сууга салып, 15-20 минут   чылап коюу керек. Бул өпкөнүн үйлөгөндө жарылып кетпегидей болуп чыңалышына шарт түзөт.
  2. Андан соң кекиртек аркылуу өпкөгө суу куюп, чайкап, кайра төгүп отурасыз. 3-4 жолу жууганда өпкө тазарып, сыртынан караганда да агарып калат.
  3. Сүттү жылытып, ага сары май, татымына жараша бир аз туз кошосуз да, бул  сүттү өпкөгө кекиртек аркылуу куясыз. Сүт тегиз тароо үчүн колуңуз менен өпкөнү сылагылап, оозуңуз менен кекиртектин учунан үйлөп турасыз.
  4. Өпкө сүткө толгондо агарып чыгат, ошондо кекиртектин оозуна эттен салып, эки-үч жеринен  жип менен катуу  бууп байлап коесуз.
  5. Даяр болгон олобону эт салынган шорпого же өзүнчө сууга салып 1

сааттын тегерегинде кайнатасыз.

  1. Кайнап жатканда жарылып кетпөө үчүн абайлоо  зарыл. Этиеттик менен оодарып, эгер эттин арасында болсо сөөктөрдөн алысыраак кармоо керек.
  2. Бышкан олобону кесимдерге бөлүп, ысык түрүндө да, муздак түрүндө да дасторконго койсоңуз болот.

Олобого  койдун, же эчкинин өпкөсү, 6-8 литр сүт, бир чыны сары май, татымына жараша туз, кааласаңыз бир аз майда калемпир да кошуп койсоңуз болот.

                                                               Даярдаган Диана Бекибаева,

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>