Муну билүү кызыктуу

Кар кишинин  алгачкы издери  кайсыл жерде табылган?

Кар киши сурот

Кар киши-бул легендарлуу, адам түспөлдүү –жер шарынын ар кайсы райондорунан кезиккен табышмактуу  жандык. Анын  аты абдан көп. Гималайда аны йети, Түндүк Кавказда аны-каптар, Азербайжанда –гулей –бани, а Монголияда –алмас, АКШда –бигфут, Канадада-сасквоч деп  аташат.

Кар кишиге окшош  сүрөттөр  илгертен эле  Байыркы Грециянын, Римдин жана орто кылымда  Европанын искусстволорунда тартылып, ал жөнүндө Библияда, Рамаянда, түрдүү элдердин фольклорлорунда  айтылып келген.

Жарым адам, жарым маймыл түспөлдүү бул  жандыктын бутунун  издери биринчи жолу  1921-жылы бийиктиги 6,4 км. Жомолунгму тоосуна болгон экспедиция учурунда табылган.

Издерди иликтөө  учурунда жергиликтүү тургундар бул  издер метах-кангмилерге- же которгондо «өтө сасык жыттуу  кар кишилерге»тиешелүү экендигин айтышкан. Бул кар кишилер Гималайда жана Тибетте  жашашкан. Азыркы мезгилде  кар кишилер Памирде, Борбордук Африкада жана АКШда, Кавказдын  эч ким чыгып бара алгыс тоо чокуларында, Чукоткада жана Якутияда  жашашат.

Кар кишилер адамдардан чымыр денеси, баш сөөгүнүн  учтуу, башкача сүйрүлүгү, колунун узундугу, моюнунун кыскалыгы жана  алдыңкы жаагынын өзгөчөлүгү менен айырмаланып турат. Кар кишилердин чоңураактары  Борбордук Азия жана  Түндүк Америкада кездешет. Алардын денеси  кара, боз же ак түстөгү жүндөр менен капталып турат. Башындагы жүндөрү денесиндеги жүндөргө караганда узун болот. Кар кишинин жүзү кара болот, ал эми муруту жана сакалы кыска  жана сейрек. Алар дарактарда абдан жакшы  секиришет. Тоодо жашаган кар кишилер үңкүрлөрдө  жашашат, ал эми токойлордо жашагандары  дарактардын бутактарына уя курушат.

Кар кишинин бар экендигин танган айрым окумуштуулар  бою өтө узун жана  жүндүү адамдарды  айрым фантазиясы күчтүү адамдар кар киши катары кабыл алышат дешет.

                                                          Таап даярдаган  Диана Бекибаева,

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>