Ош шаарында Чынгыз Айтматовго айкел орнотулмакчы

Чынгыз Айтматов

«Улуттар биримдиги» жана «Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясынын» депутаттары  Ош шаарындагы борбордук көчөлөрдүн бирин Чынгыз Айтматовдун атынан атоо демилгесин көтөрүп чыгышты.

  Депутаттар ошондой эле кыргыздын улуу жазуучусуна Ош шаарында эстелик орнотууну сунуш кылышты жана бул  маселени жакын аралыкта өтө турган  депутаттардын Ош шаардык кеңешинин сессиясында кароону сунушташты.

Быйыл 12-декабрда Чынгыз Айтматов 85 жашка чыкмак. Депутаттар Чынгыз Айтматовдун  чыгармалары менен кыргыз маданияты бүткүл дүйнөгө танылганын белгиле шти.

Улуу жазуучунун 85 жылдыгына карата  Ош шаардык мэриясы ошондой эле юбилейлик иш-чараларды, акцияларды, адабий кечелерди жана илимий конференцияларды өткөрүүнү пландаштырышууда.

                                                                      Нурсейит Мамасадыков,

                                                Ош шаарындагы    №17 Гагарин атындагы  мектеп-гимназия             комплексинин  11-классынын окуучусу

 

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>