Ош шаарында жол акысы кымбаттады

                                                                                                                    IMG_2912

Ош шаардык мэриясынын алдындагы жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин   жетекчиси Шайлообек Атазовдун айтымында  жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттордо жол акысынын кымбаттаганы жана Навои көчөсүндө жаңы көпүрөнүн курулушу башталгандыгына байланыштуу маршруттардын  өзгөргөндүгү   боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жол акысын көтөрүү боюнча маселе  Ош шаардык кеңешинин депуттары тарабынан каралып, жол акысын  2 сомго көтөрүү боюнча чечим чыккан. Мисалы  маршруттук таксилерде жол акы башта 8 сом болсо, азыр 10 сом, автобустарда 6 сом болсо, азыр 8 сом, троллейбустарда 6 сомго белгиленди.  Жол акысынын кымбаттаганы күйүүчү, майлоочу майлардын баасынын өскөндүгүнө, шиналардын жана кошумча бөлүктөрдүн кымбаттыгына жана айдоочулардын  эмгек акысынын  аздыгына байланыштуу болду, мындан сырткары маршруттук  автоунаалар кечки саат 21.00 гө чейин иштешет- деди  Ш.Атазов. Белгилеп кете турган жагдай, жол акысы мектеп окуучулары үчүн өзгөртүлбөстөн 1 сом бойдон гана калды.

                                                               С.Нурбек кызы

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>