Ош шаарындагы Ак-Тилек кичи районундагы №52 «Кыргыз-Түрк достугу» аттуу таланттуу балдар мектебинде жакында «Тамашоу» сынагы болуп өттү.
Сынакка 6 команда катышып, 4 команда кийинки сезондо өтө турган сынакка катышууга жолдомо алышты. Таймаш абдан кызыктуу болуп, 10-А класстын «Трейдер» командасы биринчиликти, 7-класстын «Красавчик» командасы экинчиликти, 8-А класстын «Чупа-чупс» командасы үчүнчүлүктү, ал эми 10-Б класстын «Ак Тилек сити» командасы төртүнчү орунду ээлешип, баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.
Мадина Ураимова,
№52 «Кыргыз-Түрк достугу» таланттуу балдар
мектебинин 10-А классынын окуучусу
Комментарии