Америкада окугусу келгендер көп болду

Ош шаарында 26-27 октябрда мектеп окуучуларынын арасында америкалык FLEX программасы боюнча тандоо сынагынын 2 туру өткөрүлдү. Биринчи күнкү  тандоо сынагына шаардагы мектептердин миңге жакын  окуучулары катышышты. Мен дагы классташтарымдын дээрлик көпчүлүгү  менен бул сынакка катыштык.

Биздин англис тили боюнча билимибизди тест түрүндө текшеришти.  Алардын ичинен жүзгө жакыны гана экинчи турга жолдомо алышты. Экинчи турдун катышуучулары берилген тема боюнча кыскача чыгарма жаздык.

Албетте,  был сынак биздин англис тили боюнча билимибизди текшере турган чыныгы сыноо болду.  Ал Ош мамлекеттик университетинде өттү. Эртеден кечке чейин сынактын жыйынтыгын күтүүгө туура келди.

Уюштуруучулардын айтканы боюнча, экинчи турдун жыйынтыгы дагы бир айдан кийин билинет. Биздин жазган чыгармаларыбыз АКШнын Вашингтон шаарына жөнөтүлүп,  ал жактан баа берилет. Үчүнчү турга өткөндөр  менен аңгемелешүү  жуүргүзүлөөрүн  билдик.

Америкага окууну ким каалабайт. Анткени, чет өлкөнү көрүп, турмушу менен таанышып, аң-сезиминди байытасың. Дүйнөлүк  тил болгон англис тилин тереңдетип үйрөнүүгө туура келет. Жакында эле кинотеатрларда жүргөн “Салам, Нью-Йорк!” фильми жаштардын Америкада окууга кызыгуусун ансайын күчөтүп  койбодубу.

Азамат  Маматалы уулу,

“Олимп” мектеп гимназиясынын  9 классынын окуучусу

One comment to Америкада окугусу келгендер көп болду

  • Marat  says:

    Ийгилик каалайм. Американы көрүп келгиле. Көп жашаган эмес, көптү көргөн билет дегендей, Билерман болгула.

Написать ответ Cancel reply

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>