Матлюба Мусабаева Өзгөн шаарындагы Ленин атындагы орто мектебинин директору, Кыргыз Республикасынын Журналисттер, Жазуучулар союзунун мүчөсү, 20га жакын китептин автору
МЕКЕН
Жүрөгүмдүн түпкүрүнөн орун алган сен мекен,
Кубанычтын күлкүсүнөн жаралгансың сен мекен.
Дарттарыма даба дагы өзүң болуп дарылап,
Даңгыр жолду тагдырыма буюргансың сен мекен.
Сулуулуктан, аруулуктан жаралгансың сен мекен,
Тунуктукту, махабатты тартуулайсың сен мекен...
Далее
Комментарии