Кыздар үчүн кеп-кеңеш

Жылан жоргом

Жоргом жасо2 022

ЖЫЛАН   ЖӨРГӨМ

 Кыргыз элинин сыйлуу мейманы келгенде дасторкондун көркүн ача турган тамагынын бири- жөргөм. Азыркы мезгилде жөргөмдү ар түрдүү жасап, кооздоп жүрүшөт. Быйылкы жылда  Жылан жөргөмдөр дасторкондун көркүн ачып келүүдө.

Жылан жөргөм кантип жасалат?

1.Картошка менен пиязды майда туурайсыз.

2.Ич майды майдалап туурайсыз

3.Тууралган азыктарды кошуп, туз, мурч себелеп аралаштырасыз.

4.Койдун ичке ичегисин оодарып, таза жууйсуз.

5.Аны беш сала менен өргөндө цилиндр түрүндөгү узун түтүкчө пайда болот.

6. Карын майды этиеттик менен айрыбай сыйрып алып, ага фаршты салып оромо сыяктуу кылып оройсуз. Булл оромону өрүлгөн ичегинин ичине саласыз.

7.Ал эми жыландын башы жүрөктөн жасалат. Ал үчүн койду союп жатканда жүрөктү жарбай бүтүн бойдон алуу керек.

8. Ичегини өрүп жатканда аягында бир карыштай ичегини өрбөй алып коюу керек. Бул жүрөктү ичегиге туташтырууда керек болот.

9. Пайда болгон «жыланды» мискейдеги туздуу сууга салып орточо отко 2 сааттай кайнатасыз. Муну маал-маалы менен оодарып турасыз.

10. Бышкан сон суудан чыгарып, сабизден таажысын жана тилин жасайсыз.

Жылан жөргөм үчүн узун бүтүн ичеги, 1 даана картошка,1 даана сабиз, 3-4даана пияз, ич май, карын май, татымына жараша туз жана мурч иштетилет.

                                                                  Сайкал Нурбек кызы

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>