Ошто Манасчы окуучулар таймашты

фото манас 2

фото манас 3Жакында Ош шаарындагы №17 гимназия мектеп комплексинде  «Манас» программасынын алкагында  шаардагы кыргыз тилдүү мектептердин  окуучулары  арасында  сынак болуп өттү.  Сынакта  окуучулар кылымдарды карытып,  улуттук руханий баалуулуктардын бири болуп келген «Манас» эпосунан  үзүндү айтышып, өздөрүнүн шык, таланттарын  көрсөтүштү.  Сынакка 20 мектептен 25 окуучу катышты.  Сынак үч  турдан туруп, биринчи турда «Манас»  эпосунан, экинчи турда  «Семетей»  эпосунан  үзүндү айтышса, үчүнчү турда  кайсы билет түшсө  ошол билет боюнча үзүндүлөрдү айтышып, сынакта өз күчтөрүн сынашты.

Таймаштын жыйынтыгында  №52 мектептин  9-классынын окуучусу  Кубатбек уулу Бекболот Гран-приге, ушул эле мектептин 8-классынын окуучусу  Кеңешбек уулу Акылбек  1-орунга, №11 Терешкова атындагы жатак мектебинин  7-классынын окуучусу  Кантемир Закиров  2-орунга, ал эми  №36  Ч.Айтматов атындагы мектептин  8-классынын окуучусу Айдаркул уулу Самат  3-орунга татыктуу болушту.  Сынакка  катышкан бардык 25 окуучуга  Ардак Грамоталар жана баалуу сыйлыктар тапшырылды. Ал эми сынактын жеңүүчүлөрү 2014-жылы Таласта өтө турган сынакка жолдомо алышты.

                                                                      Бекназар Исабек уулу,

Ош шаарындагы №17 Гагарин атындагы   гимназия мектебинин 11-А классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>