Милиция күнүндө окуучулар сыйланышты

Сыйлык тапшыруу учуру

Сыйлык тапшыруу учуру

1-орунга татыктуу болгон А. Арстанбекованын тарткан суроту

1-орунга татыктуу болгон А. Арстанбекованын тарткан суроту

1-орунга татыктуу болгон Ашырбек кызы Нураида тарткан сүрөт

1-орунга татыктуу болгон Ашырбек кызы Нураида тарткан сүрөт

IMG_2970

IMG_2973Жалал-Абад шаарынын Барпы театрында 1-ноябрь күнү- Кыргыз милициясынын 89 жылдык мааракеси салтанат менен белгиленди. Бул  салтанатка облустун милиция кызматкерлери,  Жалал-Абад  облустук  администрациясынын, шаардык  мэриянын, укук  коргоо  органдарынын,  мекеме-ишканалардын  башчылары, ардагерлер, коомдук  уюмдардын,  жогорку  окуу  жайларынын  жетекчилери, массалык  маалымат  каражаттарынын  өкүлдөрү,  спорт  федерацияларынын мүчөлөрү, спортсмендер  жана  студенттер  менен  окуучулар  катышышты.

Аталган салтанатты облустук ИИБнын жетекчиси Жеңишбек Жоробеков ачып, милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, жооптуу иштеринде ийгиликтерди каалап кетти.

Белгилеп кете турган жагдай, Жалал-Абад облустук милициясы быйылкы жылы Кыргызстан – менин мекеним» деген аталышта сынак жарыялаган. Сынактын жобосу боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарынын єкїлдєрї їчїн атайын тематикалык багыттар белгиленген. Сынак жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттеринин арасында, студенттер арасында (жогорку окуу жайларынын, лицейлердин, колледждердин, кесипчилик-техникалык лицейлеринин студенттеринин арасында), орто мектептердин  окуучуларынын арасында: (8-9-10-11-класстар їчїн ) белгиленген. Сынактын жобосу боюнча  «Милициянын кїнїмдїк жашоосун, ишин жана кєйгєйлєрїн чагылдыруу», «Милициянын коомдогу ролу», «Милиция балдардын кєз карашы менен» деген сыяктуу темалардын алкагында єттү.   Жободо мектеп окуучулары їчїн «Кол менен сїрєт тартуу», «Эссе» жазуу сыяктуу номинациялар дагы барболчу.  Мектеп окуучулары сынакка «Милиция балдардын кєз карашы менен», «Ар бир кесип ардактуу» сыяктуу тематикаларды ачып берїї менен катышышты.

Жыйында  сынакка мыкты эссе,сүрөттөрү менен катышкан окучу-жеңүүчүлөргө ноутбуктар, фото аппараттар, баалуу сыйлыктар тапшырылды.

                                                          Өз маалыматыбыз

 

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>