Өмүр жалган, жалган залкар дүнүйөң,
Кылым жанган, жалган жашооң түбүнөн,
Жалган -эгер мүдүрүлсө кызыл тил,
Кан -жан менен бүткөн эне тилинен.
Жапыз болуп калаар анда намысың,
Ойлобосоң өз тилиңдин бактысын,
Жоготосуң эне тилди жоготсоң,
Эртеңиңди,келечектин ачкычын.
Карек көрбөй жыргалды да, бакытты,
Калаар жүрөк сезбей чынды, ачыкты,
Унуткарып койсоң эне тилинди,
Сыйлабасаң улуу көөнө тарыхты.
Кээси айтат, уялам дейт сүйлөштөн,...
Далее
Комментарии