Келечекке кызмат кыла турган көпүрө

DSC_0443

DSC_0444-1

Көпүрөнүн проекти

Көпүрөнүн проекти

Ош шаарынын Навои көчөсүндө курулушу башталган  бул  көпүрө келечекте  Ош шаарындагы кооз курулуштардын бири болмокчу. Ош шаардык мэриясынын вице-мэри Рустам Мирзаматовдун билдирүүсүнө караганда  азыркы мезгилде  көпүрөнүн  алдындагы  коммуникациялык түтүкчөлөр алмаштырылууда. Түтүкчөлөр алмаштырылып бүтөөрү менен курулуш иштери башталмакчы. Курулушту тендерде Кытайлык  көпүрө куруу боюнча чоң тажрыйбасы бар   компания  утуп алды. Жаңы көпүрөнүн  курулушу  500 миллион сом менен бүткөрүлмөкчү. Азырынча курулуш жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражат жана  атайын эсепке которулган, шаар тургундарынын колдоосу менен түшкөн каражат менен башталууда. Көпүрөнүн курулушун Ош шаарынын тургундары колдошууда. Эски көпүрө качан кулап түшөөр экен деп  кооптончу элек, жаңы көпүрөнү баштаганы үчүн Мелис Мырзакматовго ыраазыбыз, эми кудай колдоп бүтүп кетсе экен,-дешет көпчүлүк шаар тургундары. Көпүрөнүн жерден көтөрүлүп турган бөлүгүнүн узундугу 430 метр, эндүүлүгү 24 метр болот. Көпүрө менен  жолдун жалпы узундугу 940 метр болмокчу.

Белгилеп кетүүчү жагдай, аталган көпүрө мындан  70  жыл башта курулгандыктан  мамычалары, арматуралары эскирип, көпүрө өзү чөгүп, бузула баштаган эле. Эксперттер бул  көпүрөнү пайдалануу кооптуу экенин эскертишкен.

                                                  Нурсейит Мамасыдыков,

                                  №17-Гагарин атындагы  гимназия окуу-тарбиялык комплексинин

11-а классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>