Керме-Тоо мектебинин жаңылыктары

Көптү үйрөткөн семинар

12-13-14-ноябръ күндөрү Керме-Тоо орто мектебинин  тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары Мамырова Айнура, соц. педагог Мамразак кызы Жылдыз, жаш өспүрүмдөрдүн  ишин жетектөөчү Бакирова Каникей жана парламенттин активдүү 4 окуучусу “Сорос -Кыргызстан” фонду тарабынан уюштурулган семинарга катышып келишти. Белгилеп кетүүчү жагдай,  “Сорос-Кыргызстан” фонду мектеп үчүн техникалык каражаттарды берген. Ал эми   семинардын негизги багыты –телевидиниеде  техникалык жабдыктарды  кантип колдонууну,  ийрим,  басма сөз, тренингдерди,тегерек стол өткөрүү боюнча түшүнүк берүү болду. Окуучулар, эжекелер көптөгөн  кызыктуу маалыматтарды билип келишип,  окуучуларга үйрөтүшүүдө.

                             Мектеп парламентинин конференциясы

 Керме – Тоо мектебинде   мектеп парламентинин уюштуруусу менен конференция болуп өттү. Конференцияны тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары Мамырова Айнура жетектеди. Конференцияда  тартип, жаш өспүрүмдөр  уставы  каралды.. Жыйындын акырында  Айнура Мамырова Ош шаарында өтүүчү жаш өспүрүмдөр  конференциясына баруучу делегаттарды тааныштырды.

                              Ата-энелер конференциясы

24-октябрда Керме-Тоо орто мектебинде “Тарбия башаты –үй бүлө, ачкычы- мектеп” деген темада  жалпы ата- энелер конференциясы болуп өттү. Ага Ош шаарынын билим берүү  башкармасынын жетекчиси  Гулайым Машрапова, шаардык ички иштер башкармасынын өкүлдөрү, ата-энелер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү  катышты. Конференцияда  мектеп окуучуларынын терең билим алышы, тарбия, ата –энелердин көзөмөлү, мектеп рэкети, компьютердик клубдар жана башка көптөгөн маселелер каралды.

                             Күзгү түшүм майрамынын сынагы

 Жакында Керме-Тоо орто мектебинде  күзгү түшүм  майрамы өткөрүлдү. Бул майрамга 5-8-класстардын окуучулары катышышты. Күз майрамына активдүү  катышкан  класстар жеңишке жетишишип, мыктылардын мыктылары  сыйлыкка татыктуу болушту. Мыкты даярдыктар менен  келген  6-А, 5-Б,6-В класстын окуучулары биринчи орунга, 5-А, 8-В-класстын окуучулары экинчи орунга, ал эми 8-Б, 5-В-класстын окуучулары  үчүнчү орунга татыктуу болушту.

                                                                  Сайкал Нурбек кызы,

                                         Керме-Тоо гимназия мектебинин 9-б класын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>