Сасык тумоонун алдын алса болобу?

Бизде мейманда  Ош  шаарындагы  №2 үй бүлөлүк медициналык борборунун жугуштуу оорулар  боюнча дарыгери  Бийзаева Айгүл Маматеминовна

IMG_3066_2

-Айгүл Маматеминовна айтыңызчы,  сасык тумоо кандай оору жана кандай учурда жугат?

-Сасык тумоо сууктун түшүшүнөн улам чөйрөдөгү чаң аркылуу, аба аркылуу, оорулуулар жөтөлгөндө, чүчкүргөндө, бет аарчыны тосуп жөтөлбөй, оозун тоспой жөтөлгөндө, эл көп топтолгон жерлерде, окуучуларга мектепте, көчөлөрдө көбүрөөк жугат. Сасык тумоо курч кармаган оорулардын катарына кирет.

-Оору жуккан соң канча күндөн кийин белгилери байкала баштайт?

-Бир, эки, ашып баратса үч күндүн ичинде оорунун алгачкы белгилери байкалат. Адам алсырап, башы ооруп, чүчкүрүшү мүмкүн. Жөтөлөт, эти ысыйт. Мурду бүтөт, алы куруп, тамакка табити тартпай калат. Көңүлү айланышы мүмкүн, кээде ичи ооруйт. Көбүнчө мурундун үстү, көздүн тегеректери, чыкый ооруйт. Жаш балдар кусуп, ичи өтүшү да мүмкүн.

-Сасык тумоонун алдын алууга болобу?

-Болот. Сууктан коргонуш керек. Сасык тумоо ным жерлерде, үшүп калганда, өз убагында тамактанбаганда тез жугат. Адамдын иммунитети алсызыраак болсо сасык тумоо катуураак өтөт. Сасык тумоо жеңил, орто, өтө катуу кармагандыгы менен мүнөздөлөт. Окуучуларга тез жугат. Себеби балдардын  организми назик, иммунитети алсыз болот эмеспи. Көбүнчө эмчектеги  балдарда бул оору катуу өтөт.  Балдардын эти катуу ысып, кусуп, эсин жоготконго чейин барат. Чоң адамдар басып жүрүп, жеңил өтүшү мүмкүн. Бирок бул жерде эске ала турган дагы бир жагдай, сасык тумоого кабылгандан кийин  адамда өпкөнүн сезгениши (пневмания), кызыл өңгөчтүн сезгениши, кулак, мурун органдарынын сезгениши,  бөйрөктүн сезгениши мүмкүн. Жүрөккө дагы таасир этет.

-Сасык тумоо жукту дейли, биринчи кезекте эмне кылуу керек?

-Азыр элдин баары түшүнүктүү болуп калбадыбы. Үйдө сөзсүз парацетомол болот. Ысытмасы көтөрүлгөндө парацетомол ичет. Жылууланат. Анан азыр аптекага барып эле сасык тумоо болуп калдым, же суук тийип калыптыр десе эле муну ич деп кеңеш берет. Өз убагында  ден соолугуна кам көргөндөр эрте эле сакайып кетишет. Кээ бирөөлөр жүрө берип, создуктуруп, анан дарыгерлерге күчөп кеткен соң, кеч кайрылышат. Мындай убакта  көбүрөөк

 дарыланууга туура келет.

-Мектеп окуучуларына сасык тумоо жукпаш үчүн эмне кылуу керек?

-Окуучулар сасык тумоо болуп калса, ата-энелер балдарын тез арада дарыгерлерге көрсөтүүлөрү зарыл. Мектепке жөнөтпөй, жакшылап дарылап, жылуу кармоолору керек.

-Сасык тумоонун алдын алууга болобу?

-Алдын алса болот. Бирок оорубай койсо болот деп айтыш кыйын. Алдын алуу чаралары спецификалык  жана спецификалык эмес деп бөлүнөт. Спецификалык чаралар дегенибиз күз айларында, эпидемия баштала  электе  сасык тумоолорго каршы эмдөөлөрдөн өтүү керек. Эмдөө бардык медициналык мекемелерде төлөм менен жүргүзүлөт. Ал эми спецификалык эмес алдын алуу чараларына организмди чыңдоо-физкультура, физорядка, муздак суу куюнуу менен оргазизмди чыңдоо кирет. Анан албетте, өз убагында тамактануу, өз убагында дем алуу зарыл. Витаминдүү тамактар менен азыктануу  негизги ролдордун бирин ойнойт. Күздө, кышта “С” витамини көп мөмө –жемиштерди көбүрөөк жеш керек.

– “С” витамини кайсы тамактарда көп болот?

–  Цитрус  жемиштеринде: лимон, апельсин, мандаринде аскорбин кислотасы көп болот. Анан чеснокто, баш пиязда “С” витамини көп. Анан албетте, өз убагында тамактануу, жылуу жүрүү зарыл. Эң негизгиси  үйлөрдү жылуулаш керек. Канчалык үй суук болсо вирус ошончолук көбүрөөк өөрчүйт. Анан катуу үшүп калганда сөзсүз вирустар үстөмдүк кылат дагы, адам тез ооруп калат. Бөлмөлөрдү тез-тез желдетип туруу керек. Себеби үй бүлөдө бирөө ооруп кала турган болсо, бөлмөнү тез-тез желдетүү, ным чүпүрөк менен аарчып туруу, таза кармоо эң негизги ролду ойнойт. Анан ооруп калган адамды бөлүш керек. Үйдө деле, класста деле чүмбөт (маска) эрежесин сактаган жакшы. Себеби дегенде адам өзүн да, айлана-чөйрөдөгүлөрдү дагы сактайт. Чүмбөт 4 кабаттуу болот. Аны деле үч саатта алмаштырып, жууп, үтүктөп, кайра тагыныш керек. Себеби вирус ал жерде көпкө сакталат.

Ушундай, сасык тумоонун эле эмес, бардык эле оорулардан өзүн сактоо адамдын өз колунда.

Сайкал Нурбек кызы

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>