«Себаттын» үч кызы

Аманила кызы Зубайда_2

Маектешим Аманила кызы Зубайда «Себат»  кыздар лицейинин 11-А классында окуйт.

-Зубайда 2012-2013-жылы республикалык олимпиадага катышып байгелүү кайтыпсың, кубандыңбы?

-Албетте, кубандым да! Өзүм Чоң-Алай районунда туулуп өскөм. Бул жерде мен 7-класстан бери окуп келатам, былтыркы окуу жылында республикалык олимпиадага кыргыз тили жана адабиятынан катышып,  2-орунга жетиштим.

-Кандай окуйсуң?

-Жакшы окуйм.

-Лицейде окуш сага эмне себептен жагат?

– Бул жерде терең билим, тарбия бергени жагат. Биз эжеке, агайлар менен биргелешип иш алып барганыбыз жагат.

-Келечекте ким болгуң келет?

-Келечекти азыр ойлонуп турган чагым. Азырынча  эки кесипти ойлонуп жүрөм. Дарыгер болсомбу,  физикадан же математикадан мугалим болсомбу деген  кыялдарым бар.

-Кайсы сабакты күчтүүрөөк окуйсуң?

-Күчтүүрөөк деп айта албайм, бирок математика, физика, химия, кыргыз тили жана англис тили сабактары мага жагат.

  Акмат кызы Диана_2

Диана Акмат кызы дагы  ушул лицейдин 11-Б классынын окуучусу, республикалык олимпиаданын катышуучусу.

-Диана, республикалык олимпиадага кайсы предметтен катыштың?

-Тарых сабагынан катыштым. Бирок 4-орун болуп калды.

– Келечектеги кесибиңди тандагандырсың дейм?

-Албетте бул  бир аз ойлондурган суроо. Ар ким ар кандай кыялданат эмеспи. Бирок  ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет дегендей, азырынча үч кесиптин арасынан бирөөнү тандашты ойлонуп турам.

-Ал кайсы кесиптер?

-Мага негизи архитектура жагат. Архитектор болсом, кооз имараттарды   жаратсам   дейм. Бирок химия сабагынан мугалим дагы болгум келет. Эл аралык мамилелер жана саясат дагы жагат, айтор ушул үчөөнүн ичинен бирөөнү тандайм.

-Кайсы сабакты жакшыраак өздөштүрөм деп ойлойсуң?

-Бул суроого тез жооп бериш абдан кыйын. Бирок бардык сабакты бирдей алып кетишке аракет кылам.

Сулайманова Арууке

Лицейдин мыкты окуучуларынын бири, 2012-2013 окуу жылында өткөн республикалык олимпиадада англис тили сабагы боюнча 3 орунга  жетишкен, 11-Б класстын окуучусу  Сулайманова Арууке

-Арууке, эмгиче кесип тандагандырсың дейм?

-Келечекте дарыгер болгум келет.

-Эмне себептен? Бул сенин тандооңбу, же ата-энеңдин каалоосубу?

-Өзүмдүн тандоом. Себеби менин атам облустук ооруканада  балдарды дарылайт, анан аллерголог.  Мен атамдын кесибин жакшы көрөм, аны көптөр сыйлашат, көп  адамдар кайрылышат, көп адамдарга жардамы тиет. Ошон үчүн кичине кезимден эле дарыгер болгум келет.

-Бул мектепке чейин кайсы  мектепте окудуң эле?

-«Олимп» лицей мектебинде окугам.

-Мектеп окуучуларынын гезитинен эмнелерди окугуң келет?

-Кызыктуу фактыларды, дүйнөдө болуп жаткан жаңылыктарды, ачылыштарды, жаңы жаратууларды, окуучуларга таалим-тарбия бере турган, үлгү боло турган макалаларды, сабак окутуунун жаңы усулдары, белгилүү адамдардын  тагдыры, мектептердеги көйгөйлөр жөнүндө  окугум келет. Башка мектептерде болуп жаткан жаңылыктар мен үчүн абдан кызык.

                                                                      Сайкал Нурбек кызы

 

 

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>