«Бир жыл ичинде көп иш бүткөрүлдү»

Мектеп директору Салтанат Аманова

Мектеп директору Салтанат Аманова                                                                                                

 

Бир жылдыкты куттуктоо

Бир жылдыкты куттуктоо

Ош шаарындагы №52 «Кыргыз-Түрк достугу» таланттуу балдар мектебинин жамааты мектептин ачылгандыгынын бир жылдыгын салтанат менен белгилешти.  Бир жылдыкка арналган жыйында ушул мезгил  ичиндеги аткарылган иштер боюнча маалымат берилип, слайд-шоу көрсөтүлдү. Мааракеге келген меймандарга  мектеп жамааты ыр, бий тартуулап, мектеп шаңга бөлөндү. Жыйында Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын методикалык жетекчиси Гүлмира Осекова, «Олимп» гимназия мектебинин директору Александр Алексеевич Язов жана башкалар куттукташып, мектеп жамаатынын ишине ийгиликтерди каалашты.

«Бир жал ичинде көп иш бүткөрүлдү»,-деди мектептин директору Салтанат Аманова.

конференциянын катышуучулары

конференциянын катышуучулары

Аалам алпы Чынгыз Айтматов 85 жашта

 «Ааламдын алпы Чынгыз Айтматов 85 жашта» аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференциянын алдында катышучуларга Чынгыз Айтматов жөнүндө видео-тасма көрсөтүлдү. Пленардык жыйынды мектеп директору С.Аманова ачты. Катышуучуларды Ош шаардык билим берүү башкармасынын начальниги Г.Машрапова куттуктады. Конференцияда «Айтматовдун чыгармаларындагы тарых», Айтматовдун феномени», «Коом жана чөйрө мамилелеринин жаңы тенденциялары», «Чынгыз Айтматов жана орус маданияты» деген темаларда докладдар окулду. Конференциянын негизги бөлүгүнөн соң катышуучулар секцияларга бөлүнүштү. Секцияларда шаардагы бардык мектептердин өкүлдөрү Чынгыз Айтматовдун  чыгармаларынын өзгөчөлүгү  боюнча, анын чыгармаларынын мектептерде окутулушу боюнча, чыгармалардын коомго тийгизген таасири боюнча кеңири  талкууланды.

                                                                    Бермет Ашырбекова,

                                 №52 «Кыргыз-Түрк достугу» таланттуу мектебинин

                                10-А классынын  окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>