Керме –Тоо гимназия-мектебинин жаңылыктары

 Сайкал2185_2

 Достукту чыңдаган КВН

10-декабрь күнү Керме-Тоо гимназия мектебинде КВН болуп өттү. Шаардагы ар бир мектептен келишкен атайын тапкыч жана шайыр командалар өздөрүнүн таланттарын (бий, ыр, тамашаларын) көрсөтүштү. Атайын түзүлгөн  калыстар тобу жыйынтык чыгарышып,  1-орунду .”Биримдик”  командасына жана көрүүсү начар балдардын мектеп интернатына ыйгарышты.  2-орунду Керме-Тоо  гимназия мектебинин “Смайл” командасы, 3- орунду “Ынтымак” командасы менен №14-Каныбек Алтыбаев атындагы мектебинин  командасы ээледи.  Жеңүүчүлөр баалуу  белектер, атайын грамоталар менен сыйланышты. Ал эми эң жакшы катышуучу деген наамга көзү азиздер мектеп –интернатынан келген 9-классынын окуучусу Оморов Актилек ээ болду. Бул КВНдин негизги максаты-мектептер аралык карым-катнашты, достукту чыңдоо эле.

             Ден соолукту чыңдаган футболдук мелдеш

Үстүбүздөгү жылдын 3-4-5-декабрында Керме –Тоо гимназия мектебинде 9-10-11-класстар  ортосунда футбол боюнча мелдеш болуп өттү. Мелдешке катышкан командалар мектеп кубогу үчүн күч сынашат. Мектеп окуучуларынын ден соолукту чыңдап, балдардын спортко кызыгуусун күчөткөн бул мелдеш  мектепте тез-тез өткөрүлмөй болду.

              Марафон

1-декабрда  Керме-Тоо гимназия мектебинде майыптар күнүнө карата марафон болуп өттү. Марафонго мектеп окуучулары активдүү катышышып, мүмкүнчүлүктөрүнө жараша жардамдарын беришти. Марафондон түшкөн каражатты алып майыптар интернатына бардык. Жатак мектепте майып балдардын талантын көрүп, алардын жашоого умтулуусун, шыгын көрүп жүрөгүбүз менен кубанып, аларга аз да болсо жардам бере алганыбызга сүйүнүп кайттык.

                                         Сайкал Нурбек кызы,

       Ош шаарындагы Керме-Тоо гимназия-мектебинин

 9-Б классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>