Куткаруучулар облустук семинарга катышты

Фото баян

IMG_4043_2

IMG_4052

IMG_4062

IMG_4063

2013-жылдын 10-декабры күнү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын “Куткаруу кызматынын” куткаруучулары Ош шаарынын Джим көчөсүндө жайгашкан №79 – “Чолпон” орто мектебинде Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана мектепке чейинки мекемелерде окуп жаткан балдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Агахан фонду өткөргөн балдарды  өзгөчө кырдаалга  даярдоо боюнча облустук семинарга катышышты. Семинарда КРнын ӨКМнин куткаруучулары жаш өспүрүмдөрдү мекенчил, патриот болууга үндөшүп, кырсыктардын алдын алууда жана кырсык учурунда, ошондой эле кырсыктардын кесепеттерин жоюуда өзүн алып жүрүү жана куткаруу аракеттерин үйрөтүштү. Иш-чарага Ош облусунун Араван, Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат райондорунун мектеп директорлору менен бала бакчалардын башчылары катышышты. КРнын ӨКМнин Ош шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары, өрт өчүрүүчүлөрү жана республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын жарандарды окутуу кафедрасынын окутуучулары семинардын программасынын алкагында өспүрүмдөргө  Өзгөчө  кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча сабак өтүп, куткаруу иштерин практикалык негизде көрсөтүп беришти.

                                                    Азамат Маматалы уулу,

                       “Олимп”  мектеп гимназиясынын  9-классынын окуу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>