Ош шаарындагы бардык мектептерде залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата конференциялар, көргөзмөлөр, сынактар, класстык сааттар, салтанаттуу линейкалар өткөрүлүп, талкуулар жүргүзүлүп, фильмдер көрсөтүлдү.
Шаардагы №7 Н.Нариманов атындагы гимназия мектебинде да класстык сааттарда окуучулар жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөрдү окушуп, анын чыгармалары боюнча спектаклдер коюлуп, чыгармалар, Чынгыз Айтматов жөнүндөгү ырлар окулду.
Аталган мектеп гимназиянын кыргыз тили мугалими Замира Токтогулованын айтымында мектеп гимназияда Чынгыз Айтматовдун 85 жылдыгы өзгөчө белгиленген. Мектептин дээрлик бардык класстарында алп жазуучуунун өмүрү, чыгармачылыгы боюнча талкуулар жүргүзүлүп, класстык сааттар өткөрүлүп, фильмдер көрсөтүлгөн.
Комментарии