Гапар Айтиев атындагы балдардын көркөм сүрөт мектебинин директору Кадермятова Дильбар Дехкановнанын билдирүүсүнө караганда азыркы мезгилде көркөм мектепте 1-класстан 9-класска чейин 20 класста 201 бала окуп, сүрөт тартуунун сырларын, ыкмаларын үйрөнүшүүдө.
Биз кирген 6-класста 23 окуучу тарбияланууда. Сүрөт өнөрүн мыкты өздөштүрүп, көркөм мектепке келгенине бир гана жыл болгонуна карабастан жакшы ийгиликтерди жарата баштаган, таланттуу, шаардагы №21 Пушкин атындагы орто мектептин 8-В классынын окуучусу Ислам Рахманбердиевди сөзгө тарттык.
-Мен кичине кезимден эле сүрөт тартууга кызыкчумун. Адегенде китептердеги сүрөттөрдү карап туруп тартчумун. Кийин жан-жаныбарларды, табигатты тарта баштадым. Анан адамдарды, ошентип кызыгуум күндөн-күнгө көбөйүүдө,-дейт Ислам Рахманбердиев.
Амирбек Абдирасулов
Комментарии