Баткен жаңылыктары

Кызыл-Кыя шаарынын мыкты окуучулары олимпиадада жеңишке жетишишти

Баткен облусунун Кызыл-Кыя  шаардык билим берүү бөлүмүнүн  башчысы Клара Каримованын билдирүүсүнө караганда Кызыл –Кыя шаарында    12  предмет боюнча мектеп окуучуларынын шаардык олимпиадасы  болуп өттү.  Олимпиадага 700 гө жакын мектеп окуучулары катышты.

Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча 99 упайга татыктуу болуп,  №1 мектептин командасы биринчи орунду жеңип алды. Экинчи орунга  60 упайды ээлеп,  №2 мектептин окуучулары  жетишишти. Ал эми үчүнчү орунга  №9 мектептин окуучулары татыктуу болушту. 

Мектеп олимпиадасы Баткенде

Баткен районундагы Бужум орто мектебинде  мектеп окуучуларынын райондук олимпиадасы болуп өтүп, райондун 400гө  жакын  окуучусу 12 предмет боюнча  өз билимдерин сынашты. Райондук олимпиаданын жеңүүчүлөрү эми облустук олимпиадага катышышмакчы.

                                                                            Азамат Маматалы уулу,

          Ош шаарындагы «Олимп» гимназия          мектебинин  9-β классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>