Ю.Гагарин атындагы мектебинде

                                                                                               IMG_1835

Ош шаарындагы Ю.А.Гагарин атындагы окуу -тарбиялоо мектеп комплекс гимназиясында кирип келе жаткан жаңы 2014- жылга  мыкты даярдыктар көрүлүп жатат. Себеби мектеп директору Жунусова Айгүл   жаңы жылга даярдык көрүүнү 11-“А” класска, мектептин эң жогорку гимназия классына тапшырган. Азыр 11-“А” класста эң мыкты даярдыктар көрүлүүдө. Класстын окуучулары жаңы жылдык кеченин сценарийин башынан  акырына чейин өздөрү түзүп чыгышкан. Майрамдык кечеде жомок жана балдардын сүймөнчүктүү  мультфильмдеринин каармандары катышышат. Окуучулар мультфильм катышуучуларынын кийимин кийип алышып, сахналаштырылган көрүнүштөрдү аткарышып,  окууучулар менен бирге бийлешип, алардын маанайын көтөрүшөт. Мектептин кыргыз класстарына өзүнчө,  орус класстарына өзүнчө даярдык көрүлүп жатат. Балдар сүйүп күтүшкөн  аяз ата менен аяз кыздан баштап баарын коркуткан жезкемпир да кечеге даярданып жатат.

Темирдей бекем тартип

 Юрий Гагарин атындагы окуу тарбиялоо мектеп комплекс гимназиясында   окуучулардын сабакты үзгүлтүксүз окуусу үчүн бардык чаралар көрүлүп жатат. Мектеп парламенти жыл башынан эле сабакка кечигип келүүлөрдү токтотуу жана мектептин уставдарына баш ийүү, окуучулардын тартибине, билимине, кийген формасына да көңүл буруу иштерин жүргүзүп келүүдө. Мектепке окуучу канча китеп алып келип жатат, кандай даярдыкта, тазалыгы жакшыбы бул боюнча да ар жумада текшерүү жүрүп жатат. Окуучунун бош калбоосу үчүн бардык сабактан кошумча сааттар бар. Кайсыл бир сабакка түшүнбөй жаткан окуучу каалаган мезгилинде мектепте кошумча саатка калып окуусу мүмкүн. Биз бул окуучулардын окууга болгон мыкты даярдыгы жана сабактардан жаман натыйжаларга жетишип калбоосу үчүн көрүлүп жаткан чаралардан мектеп администрациясы жана мектеп парламенти жакшы иштеп жатышканын байкасак болот.

Мектеп окуучуларынын олимпиадага даярдыгы

 Ю.Гагарин атындагы атындагы мектеп комплекс гимназиясынын директору  Айгүл Жунусова 13-декабрда мектепте болуп өткөн олимпиадада жеңүүчү болуп биринчи орунга жетишкендерге чогулуш өткөрдү. Келе жаткан зоналык олимпиадага мыкты даярдык көрүү зарылдыгын белгиледи. Себеби  зоналык олимпиададан шаардык олимпиадага өтүп, республикадан биринчи орунга ээ болгондорго ар бир окуучунун келечеги үчүн жакшы шарттар түзүлгөнүн айтты. Ал өз сөзүндө олимпиададан жеңгендерге колунан келишинче колдоо көрсөтөөрүн белгиледи.

Кеңешме залы  оңдоодон өтүүдө

№17-Ю.А.Гагарин атындагы окуу тарбиялоо мектеп комплексинде жакшы  жышаандардын бири-мектептин кеңешме залы жаңыртылып, ондоодон өтүүдө.   Жаңы жылдык балаты жаңы даярдалган залда өтүүсү айтылууда. Мектеп окуучулары залдын оңдолуп жатканына өтө кубанышууда.Алар ар дайым залдын жанынан өтүп баратып мектеп жетекчилигине ыраазычылык билдиришүүдө.

Акыл ордо интеллектуалдык оюну

 Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата №17- Ю.А.Гагарин атындагы мектебинде акыл ордо оюну болуп өттү. Акыл ордону мектептин кыргыз тилчи мугалимдери Жолдошева Рада, Асыранова Таннур жана Бурканова Гүлнур эжекелер өткөзүштү, акыл ордодо Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан түрдүү суроолор  болду. Акыл ордодо “Кыямат” жана “Ак кеме” командалары жарышып, акыркы турда “Ак-кеме” командасы жеңүүчү болду. Акыл ордого гимназия класстарынын завучу Маматова Чыныгүл эжеке катышып, жеңүүчү бир тарапта эле болоорун айтып, эки тараптын тең окууларына ийгилик каалады.

 Бекназар Ысабек уулу,

№17- Ю. А. Гагарин атындагы окуу тарбиялоо мектеп гимназия комплексинин 11-А классынын окуучусу

 

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>