№48 орто мектептеги жанылыктар

IMG_3234

Ош шаарындагы №48 орто мектебинин директору Нускайым Сулайманованын билдирүүсүнө караганда аталган мектепте Ош шаардык билим берүү башкармасынын айлык иш планында көрсөтүлгөн тарбиялык иштер боюнча директорлордун орун басарларынын семинары болуп өттү.

Семинар «Кылмыштуулуктун алдын алуу» ,-деген темада өтүп, аталган мектептин 4 классында класстык сааттар өткөрүлдү. Мисалы 7-класста акыл ордо сабагы өтсө, 8-класста «Каргыш албай бата ал», 9-класста «Жашоодо максат кое бил», 4-класста «Менин үч бактым-элим, тилим, Мекеним» деген темада өттү. Семинарды жыйынтыктоо алдында семинардын катышуучуларына  «Чыңгыз Айтматов тирүү, ал биз менен» деген сахналык көрсөтүү болду. Семинарга катышкан завучтар Айтматовдун чыгармаларын сахналаштыр, уу чеберчилик менен даярдалгандыгын белгилешти. Баарынан дагы 7-класстын окуучусу  Расул  уулу Айбектин  «Ак кемедеги» Нургазынын ролун  аткарганы таң калтырды.

                     Мектеп эл аралык уюмдар менен иштешет

№48 мектептин жамааты  2012-2013-окуу жылында Эл аралык уюмдар, Ош шаардык мэриясы менен тыгыз иштешип, «Миллиондук мектеп короосу» деген долбоорду ишке ашырып, мектептин айланасын оңдоп, жаңы ажаткана курду.

Кайрымдуулук акциясы

№48 мектептин окуучуларынын  демилгеси менен кайрымдуулук акциясы өткөрүлүп, окуучулар өздөрү жылуу байпактарды, носкилерди, кол каптарды чогултушуп,  шаардагы көзү азиздер жана начар көргөн балдардын жатак мектебине  жеткирип беришти.

                              Өмүрү өрнөк инсандар

№48 орто мектебинде  эмгек ардагерлери, Ата Мекендик согуштун ардагерлери, өмүрү өрнөк инсандар менен  жолугушуу салтка айланган. Эмгек ардагери, белгилүү журналист Токтогул Кенжеев менен жолугушуу кызыктуу өттү. Ардагер өмүрүндөгү урунттуу учурлардан айтып берип,  өспүрүмдөрдү, мектеп окуучуларын эмгекчил болууга чакырды. Окуучулар суроо берип, жакшы таасир алышты. Мындай жолугушуулар мектептке мезгил-мезгили менен өтүп турат. Өмүрү өрнөк адамдар менен жолугушуу балдардын аң –сезимине жакшы таасир калтырат,-дейт мектеп директору Нускайым Сулайманова.

                                                                                   Бекназар Ысабек уулу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>