“Мектептин мыктысы” аталды

Ош шаарындагы №11 В.Терешкова атындагы  жатак мектебинде сынак  өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аталды. Сынак 8-9 –класстар арасында өтүп, төрт турдан турган сынакка 8-А класстан Баатыр уулу Мирислан, Таирбекова Мариям, 8-Б класстан Асылбек кызы Дарикан, Дүйшеев Кудаяр, 9-класстан Жалал уулу Нурсултан жана Досуева Сабрина катышышты.

Сынак кызыктуу өттү. I турда логикалык суроолор берилди. II турда дүйнөлүк океандар боюнча  “эң, эң…” деген темада суроолор берилди. III –турда категориялар  тандалса,  ал эми  IV-турда 3 логикалык суроо узатылды.

Көптөгөн кыйынчылыктарга карабай Ч.Айтматовдун чыгармаларын  жана физика категориясын тандаган 8-Б классынын окуучусу Асылбек кызы Дарикан “Мыкты окуучу” наамына татыктуу болду. Ал эми II-орун  макал-лакаптар  жана география сабагы боюнча суроолорго мыкты жооп берген 8-а классынын окуучусу Баатыр уулу Мирисланга ыйгарылды. III- орунга татыган 9-класстын окуучусу Досуева Сабрина тарых жана адабият категориясын тандады.

Сынактын уюштуруучулары география мугалими Ормокова Чыныгүл жана тарых мугалими Жеңишбек уулу Аскар сынактын жеңүүчүлөрүн куттуктап, сынакка окуучулардын даярдыгы абдан жакшы болгонуна токтолушту.

                                                               Чынара Мырзаева,

                                              №11 В.Терешкова атындагы жатак мектебинин

                                              8-б классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>