Ош шаарындагы Таш Мияшев атындагы китепканасында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата шаардагы үч мектептин окуучулары катышкан сынак болуп өттү. Сынакка №17 Ю.Гагарин атындагы, №16 Кыргызстандын 40 жылдыгы атындагы жана №11 В.Терешкова атындагы мектептердин окуучулары ат салышты. Алар улуу жазуучунун чыгармаларынан кыскача үзүндүлөрдү ойноп беришти. Ат салышкан мектеп окуучуларына кошумчалап Ош мамлекеттик университетинин филология факультетинин II-курсунун студенттери көркөм окууларды айтышты. Сынактын жыйынтыгында I-орунга №11В.В.Терешкова атындагы жатак мектеби, II-орунга №17 Ю.Гагарин атындагы гимназия мектеби, III-орунга №16 Кыргызстандын 40 жылдыгы атындагы мектеби татыктуу болушуп, жеңүүчүлөр баалуу белектер, Ардак Грамоталар менен сыйланышты.
Айгерим Жумамамат кызы,
№11 Терешкова атындагы жатак мектебинин
8-Б классынын окуучусу
Комментарии