Жаңы жыл босогодо, даярдыктар кандай?

                                                                                                0012-012-Vozle-elki-Vozle-elki-v-Novyj-god-Vodim-vodim-khorovod

Жаңы жыл майрамы   башка майрамдардан өзүнүн өзгөчө белгилери менен айырмаланат эмеспи. Айланада сампарлап жааган аппак кар, бөлмө, мектеп астанасын аттагандан  баштап түркүн  майрамдык көз жоосун алган жасалгалар, ортодо «Мени көрүп  алчы» деп мактангандай кооз балаты, балатыны айланып ырдап, теребелди шаңга бөлөгөн наристелер, айдай сулуу кызын ээрчитип, толгон –токой белектерге толгон куржунун асынган аяз ата …

Мына ушулардын баары биз чыдамсыздана күткөн жаңы жылдын өзгөчө белгилери экендиги  чындык. Элдик ишенимдерге таянсак  жаңы жылды кандай тоссоң, жыл  сага ошондой маанай берет деген ишеним айтылат. Ушул ишенимге ылайык шаарыбыздагы №31 Курманжан Датка мектебинде дагы жаңы жылга карата даярдыктар кызуу көрүлүүдө. .Айрыкча башталгыч класстардын окуучулары  жомоктордун  каармандарынын бейнелерин чагылдыруу үчүн белсенип киришип жатышса, ал эми 5-8-класстар үчүн мультфильм каармандарынын маскараддык кийимдерин таап, алардын  образын ачып берүү үчүн ырдап, бийлеп, даярдануусу өзгөчө көңүл көтөрөт.

Ал эми жогорку класстагы окуучуларга түзүлгөн программага ылайык ар бир класстын «хан», «ханшасы» ким болоор экен деген кызыгууну арттырат. Мындан сырткары «Курманжан датканын мыктыларын» аныктоо  максатында ар түрдүү номинациялар тапшырылаары да окуучулардын  кызыгуусун өзгөчө арттырууда. Бул иш чарага 9-а класстан Нурбек уулу Дайыр «Мектептин мыкты сүрөтчүсү-2013» номинациясы боюнча  даярданып жатса, 10-Б класстын окуучусу Ильяз уулу Адилет «Курманжан Датка  мектебинин таланттуу акыны-2013» байгесине жетем деген үмүттөрү бар. Жаңы жылдын алдындагы изги тилектери ишке ашуусун каалайбыз. Жаңы жыл ар бир үйгө шаң,  кубаныч алып келсин, жылкы жылы тарыхыбыздын барактарына алтын тамгалар менен жазыла турган жакшы окуяларга жык толгон даңазалуу жыл болсун!

                                                                         Адилет Ильяз уулу,

                                             №31 Курманжан Датка атындагы орто мектебинин 10-Б классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>