Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго ырдесте

 

белые розы

 

 

 

Нечендеген повесттерди жараткан,

Чыңгыз аты Манас менен жанашкан.

Ыйык  тутуп кыргыз аттуу ысымды,

Бүт ааламдын элдерине тараткан.

 

Жүрөгүмдө Чыңгыз атам сакталган,

Кумир тутуп,  дүйнө эли  барктаган.

Ким болсо да таазим кылып Чыңгызга,

Кимдер гана улуу сөзүн жазбаган.

 

Адамдарга кыйын адам болуу, -деп

Таамай  сөзүн  ак баракка калтырган.

Кыргыздардын аты өчпөй жүрсүн деп,

Өлбөс кылып чыгармалар жараткан.

 

Чыңгыз өтүп – кайгырбаган калбады,

Ошол күнү бүтүн  кыргыз  ыйлады.

Жер силкинип, кыяматы келгендей,

Бийик турган тоолор дагы кулады.

 

Унутулбайт, Чыңгыз жашайт түбөлүк,

Жүрөктөрдө, көңүлдөрдө ар качан.

Өлбөс, өчпөс чыгармасы  эстелик,

Көөнөртпөстөн  Чыңгыз атын даңктаган.

Айгерим Жумамамат кызы,

№11 В.В.Терешкова атындагы жатак мектебинин

 8-б классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>