Көптөгөн көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон түрктөрдүн “Даңазалуу доор” сериалы

                                                                                                 imgpreviewCAGJ27C3

                                                                                               imgpreviewCA85L524

                                                                                                 imgpreviewCAQIZYN9

Азыркы учурда КТРКда көрсөтүлүп жаткан “Даңазалуу доор” сериалы көпчүлүк элдин кызыгуусун жаратып, чоңдор да,  кичинелер да кызыгып көргөн сериалга айланды. Анда эмесе сериалдын тарыхына бир аз кайрыла кетсек.

 Сериал негизинен төрт сезонго бөлүнөт. Биринчи сезону 24 серия менен бүтсө, 2- сезондо 25-63-серия, үчүнчү сезондо  64-103-сериялары көрсөтүлөт, ал эми 4-сезону 28 серияны түзөт. Фильмдин идеясы, сценарист,журналист, обондуу ырлардын автору маркум Мерал Окайга таандык.Өткөн жылы 9-апрельде каза болуп, анын ишин сценарист Йылмаз Шахин улантып жатат. Сериалдын режиссерлору Йагмур Тайлан жана Дурул Тайлан деген эки бир туугандар. Продюсери Тимур Савжи, ар бир сезонду каржылык колдоого  алып, негизинен ар бир сезонго кеткен чыгым кеминде 2 миллион долларды түзгөн. Бул сериалда негизинен Осмон империясындагы ХYI-кылымдагы окуялар баяндалган.Тасмада онунчу Осмон султаны Кануни Султан Сулейман башкарган мезгил баяндалат. Бул доор негизинен Осмон империясынын гүлдөгөн доору болгон.Онунчу Султан Сулейман мыкты башкаруучу,  реформатор, мыкты мыйзамчы, адилет, даанышман башкаруучу болуп аталган. Көркөм тасмада Султан Сулеймандан кем эмес аброй кадыр баркка ээ болгон каарман бар. Ал Хасеки Хюррем Султан айым. Ал Султанга төрт Шахзада бир Султан айым төрөп берген сүйүктүү жубайы.(Европада Роксолана деген ат менен таанымал) Айла амалы, сулуулугу, акылы жана чечкиндүү мүнөзү менен Хюррем Султан айым Султан Сулеймандын жүрөгүн өзүнө багындырат.Тасманын ар бир бөлүгү 1саат 20 минутадан турат. Азыркы учурда бул сериал дүйнөнүн 50дөн ашык өлкөлөрүндө көрсөтүлүп жатат. Ошентсе да тасма өз мекенинде көптөгөн сынга кабылган. Туркия премьер министри Реджеп Тайип Эрдоган; “Туркиянын тарыхы элдерге бурмаланып көрсөтүлүп жатат”- деп айткан. Бирок тасма канчалык сынга кабылбасын, дүйнөнүн көптөгөн элдеринде кызыгуу жаратты, анын ичинде Кыргызстанда да көпчүлүктү көнүлкош калтырбай,  күндө кечинде сериалды көрүшүп олтурганы олтурган. Көркөм тасмада сарайдагы кулдардан баштап Султандын жакындарынын бийликке, байлыкка жана аброй. атак даңкка, тактыга болгон күрөшү даана көрсөтүлөт. Сарайга биринчи  Хюррем Крым өлкөсүнөн (Александра) келгенде катардагы күң болот. Бирок кийинчереек ал сарайдагы абалды ага карата айланасындагы адамдардын болгон орой мамилесинен, өзүнүн теңдештеринин арасында душмандары көп экенин көрүп алдыга карай умтула баштайт. Ал алдына койгон максаты үчүн Султандын биринчи аялы Хасеки Махидевран Султан айым жана Султандын энеси Валиде Султан айым менен да эрегишүүдөн баш тартпайт. Хюррем өз жашоосунда Валиде Султан айымдын жана  Хасеки Махидевран султан айымдын уюштурган жамандыктарынан азап тартат. Анан ал Султанга дагы да жакыныраак адамы болбосо ал жерде калууга жана күрөшүп жашоого болбой турганын түшүнөт. Хюррем өзүнүн максаттарына амалкерлиги менен умтулуп жатып акыры жетет. Натыйжада күң айымдан элес да калбайт. Ал Махидевран султан айымдан да бийик болуп Эркин аял наамына ээ болот жана Александра аты унутулуп Хасеки Хюррем Султан айым деп аталып Гаремди башкарууну өз колуна алат. Ушундай эле даражада Ибрагим паша да кул болуп келип бирок кийин Султандын эң жакын жолдошу, досу жашоодо жол көрсөткөн адамы болууга жетишет. Султан анын  кылган эмгегин баалап,  улуу вазир кылып койсо да текеберлик менен султандан да бийик сүйлөп алат жана натыйжада өлүмгө дуушар болот. Султан ага кол тийбестик укугун берет жана өзү менен тең укук берет. Бирок ага да карабастан өзү аны өлтүрүүгө мажбур болот.Тасмада башка кулдардын баяны да ушундай эле кеңири берилет. Ибрагим улуу вазир болгондон баштап эле Хюррем экөөнүн ортосунда бийликке болгон күрөш башталат. Жана өзүнүн башынан кечкендери үчүн Ибрагим Паашадан жана Махидевран Султан айымдан жана ушул сыяктуу кордук көрсөткөндөрдүн бирин да көз жаздымда калтырбай өч алат.Тасма аягына чыга элек болгондуктан тасманын акыры кандай аяктаганы бизге белгисиз.Тасма толук аягына 2014- жылы июнь айында чыкканы турат.Тасмадагы негизги ролдордун бирин  аткарган Хюрремдин улуту немец болгондуктан, биринчи сунуш түшкөндө “-Мен кантип аткарам түрк тилин билбейм”-деп айткан. Бирок ага да карабай эле өздөрү үйрөтөөрүн айтышкан. Султандын ролун Окан Йалабык Хатиженин ролун Селма Эргеч аткарган. Шахзада Мустафанын ролун да чет өлкөлүк актер аткарган.Тасмада согушту тартып жатканда көптөгөн аскелер пайдаланылып, монтаждоо үчүн төрт жүз адам иштеген. Согуш тартылып жатканда учуучу камералар пайдаланылган. Согуштагы чатырларды тигүү үчүн бир күн убакыт коротушкан. Ал мезгилде пайдаланылган согуш тетиктеринин көлөмү аябай чоң болгондуктан аларды ташып жүрүү бир кыйла кыйынчылык жараткан.

                     Бекназар  Ысабек  уулу

№17-Ю.А.Гагарин атындагы окуу -тарбиялоо мектеп

комплекс гимназиясынын

11-“А”классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>