«Мектеп президентинин милдеттери ар тараптуу…»

                                                                                              IMG_3347_2

Бүгүн биздин мейманыбыз  «Керме-Тоо» мектеп -гимназиясынын  президенти, аталган мектептин 10-б классынын окуучусу Зулкарнайн Атамалиев

-Зулкарнайн айтсаңыз, мектеп президентинин милдети эмне?

-Мектеп президентинин  милдети ар тараптуу. Президент  мектеп окуучуларынын тартибине, жүрүм-турумуна жооп берет. Эртең менен  мектеп окуучусу кечикпей келдиби? Кечиккен окуучуну жазып алып, «Тикенек» деп аталуучу дубал гезитибизге илебиз. Ар бир класска кирип,  . канча окуучу сабакта  бар, канчасы жок экенин карайбыз. Формаларына, тазалыгына  дагы карайбыз.

Эртең менен линейкаларда мектеп директоруна, завучка  жардам берип, линейкаларда тартипке жооп беребиз.  Президенттин негизги милдеттеринин бири- ар түрдүү маданий иш чараларды өткөрүү. Парламенттеги депутаттарыбыз менен биргеликте  ар түрдүү маданий иштерди, КВН, Тамашоу, концерт жана башка иш чараларды өткөрүп турабыз.

-Мектеп рэкетине дагы Президент жооп береби?

-Рэкетчиликке дагы Президент жооп берет. Бизде азыр рэкетчилик жок деп айта алам.

                                                       Маектешкен Сайкал Нурбек кызы

One comment to «Мектеп президентинин милдеттери ар тараптуу…»

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>